Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 28-июлу № 5
Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине тиркемеге ылайык өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы 4-токтомуна тиркеме |
ТАКТАМА
№ | Бөлүм (раздель) | Статья | Сумма | Кварталдар боюнча | ||||
I | II | III | IV | |||||
1 | Соц. коргоо | 2721 | (-)703,372 | (-)703,372 | ||||
2224 | (+)703,372 | (+)703,372 | ||||||
Исфана шаарынын мэри | Ч.А.Рысов |
Социалдык жактан коргоо боюнча башкы адис |
Б.Насырова |