Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 28-июлу № 5
Кыргыз-тажик чек ара чыр чатагында каза болгон жоокерлердин ысымдарын Исфана шаарына караштуу аты жок көчөлөргө ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы 2021 аскер бөлүгүнүн Кыргыз-тажик чек ара чыр чатагында каза болгон жоокерлердин ысымдарын Исфана шаарына караштуу аты жок көчөлөргө ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-тажик чек ара чыр чатагында каза болгон Муминов Равшан Мурзахматович жана Юлдашев Бекзодбек Давлатбековичтин ысымдары Исфана шаарына караштуу аты жок көчөлөргө ыйгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин билим берүү, маданият,мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |