Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз III сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 29-июну № 1
Муниципалдык менчик департаментинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчёту
Муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчик департаментинин аткарган иштери жөнүндө отчёту канаатандырарлык деп табылсын. (Отчёт тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2021-жылдын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ж.Кадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын 2021-жылдын 29-июнундагы № 1 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин 2021-жылдын 01-июнга чейин аткарган иштери боюнча
МААЛЫМАТ
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы – 17 киши бекитилген: 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер, 1 материалдык бухгалтер, 2 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1оператор-катчы, 1 завхоз, 1 кароолчу, 1 тазалоочу, 1 айдоочу, 5 айыл башчы.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2021-жылга жогорку орган жана мекеме уюмдардан 45 кат, атуулдар тарабынан 376 арыздар түшкөн. Алардан 107 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө 300 арыз ар түрдүү жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жооп берилген.
Комиссия түзүп түшкөн арыздардын негизинде жеринен барып көрүп мыйзам чегинде 10 арыз чечилип берилди. 2021-жылда аткарыла турган иш пландар түзүлдү.
Бөлүмдүн негизги аткаруучу функциясы- муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
Муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2021-жылдын биринчи кварталында ижара келишимдери түзүлүп, бюджетке акча түшүрүлдү.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалган иш кагаздары (токтом, тийиштүү республикалык, областтык, райондук мекеме-ишканалардын корутундулары, схемалары, карталары ж.б.) жана аткарылышы көзөмөлгө алынган объектилер:
- Архитектурага АПУ,АПЗ,карта жана корутундуларды даярдап берүү үчүн 75237сом,
- Госрегистрге Гос АКТ, каттоо жана карталарды даярдап берүү үчүн 118195 сом,
-Исфана шаар мэриясына спец.техника сатып алуу үчүн 4370000 сом акча каражаты;
-Гипрозем 36191 сом;
- Ош электро 21148 сом;
-Госэкспертиза 42967 сом;
-АВП долг перед МинФин 255333 (342667 өткөн жылы төлөнгөн);
-Гравировка дорог 1336771 Сириус
-Трансформатор 1171532 ИП Джулматов
-Жарыктандыруу учүн электр товарларына 79900 с
-Ак-Булак айылындагы водозабор 369689 с
-Баннерлер үчүн 161000с
-Технадзордун кызматы үчүн 27000с
-“Исфана” жол белгиси Исфана шаарынын чыгыш тарабындагы Исфана-Баткен унаа жолуна 1300000
-Кызмат автоунаалары үчүн запчасттарды сатып алуу үчүн 127960 с
-Компьютер сатып алуу кызматыга 42000
-Инженердик кызмат ОсОО Ойсул строй 68800
-Исфана шаарынын ички жолдорун ямочный ремонттоо учүн ОсОО Эл групп 666662 с
-Исфана шаар мэриясына караштуу китепканаларга эмеректерди жана жабдыларды сатып алуу үчүн ЧП Турдубаев Канат 99300
-Самат атындагы орто мектеби техникалык ремонт КТП 250КВА ЧП Баратов Э. 40000 сом
2021-жылдын 6 айлык ижара боюнча түшкөн кирешелер.
2021-жыл | ||
план | аткарылды | % |
325000 | 213100 | 25% |
2021-жылдын 6 айлык сатуудан түшкөн кирешелер.
2021-жыл | ||
план | аткарылды | % |
375000 | 1759900 | 469% |
Чыгымдар боюнча:
№ | Түрү | 2021-жыл |
1 | Эмгек акы жана соц.фонд | 192220 |
2 | Сапар чыгымдары | 30614 |
|
|
|
| ||
Муниципалдык менчик департаментинин башчысы: |
Ж. Кадыров |