Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезексиз II сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 21-майы № 2
Исфана шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын жана орун басарларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 32-беренесинин 3-4 пункттарына ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Амиров Абдирашит Жоробекович, орун басары Абдурахмонов Кобулжан Балтабаевич, бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Эржигитова Эркинай Кадыровна, орун басары Маматкулов Исомидин Атаевич, билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Сатарова Орозгул Камчиевна, орун басары Абдалиева Инават Самиевна, муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Туракулов Махаматкул Азамкулович, орун басары Кудайбердиев Кубанычбек Ханатиллаевич, курулуш, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Джоошбаев Таир Нарбутаевич, орун басары Муминжанова Сохиба Октамжановна болуп шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык кеңешинин төрагасына, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |