Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 27-январы № 7
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2021-жылга түзүлгөн жылдык иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Тоголок-Молдо айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин 2021-жылга карата түзүлгөн жылдык иш планы бекитилсин (Тиркеме №1).
Төрага | Н. Акматов |
БЕКИТЕМИН:
Тоголок-Молдо айылдык кенешинин
төрагасы: Н.Акматов.
27-январь 2021-жыл.
XX -сессиясынын №7 токтомуна
тиркеме №1
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Отчет берет |
1-сессия | ||||
1 | Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо | Февраль | Бюджеттик комиссия | Б.Сагынбеков |
2 | Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги бош калган каражаттаы бекитүү | Февраль | Бюджеттик комиссия | Б.Сагынбеков |
3 | Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга иш стратегиялык планын бекитүү | Февраль | Жооптуу катчы | Айыл өкмөт башчысы |
4 | Жазгы талаачылык жумуштарына карата үрөндүн жана күйүүчү майдын топтолушу, техниканын кызмат акысы, көчүп-конуу маселелери | Февраль | Айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссия | Жер адис: Б. |
5 | Ар кандай маселелер арыз, дааттануулар | Февраль | Жооптуу катчы | Тешелүүлүгүнө жараша |
2-сессия | ||||
1 | -Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгы; -чарба иштери боюнча директордун орун басаранынын аткарган иштери | Июнь | Социалдык жактан тармактык комиссия | Э.Нурдинов Р.Казиев |
2 | “Адис-Адилет”балдар бакчасынын 2020-2021-окуу жылында аткарган иштери боюнча отчету | Июнь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Бала бакча директору: Б.Мамбеталиева |
3 | Кенешке келип түшкөн арыз. дааттанууларды кароо | Июнь | Жооптуу катчы | Төрага |
3-сессия | ||||
1 | Айылдагы үй-бүлөлөрдүн социалдык жактан тейлөө абалы | Август-сентябрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Соц адис |
2 | Айылдык байланыш бөлүмүнүн 2021-жылга карата аткарып жаткан иштери | Август-сентябрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Г.Жанузакова |
3 | Калктын коммуналдык жактан тейленүүсү айыл өкмөтүндөгү коммуналдык чарба жана ӨКМ боюнча иштери | Август-сентябрь | Социалдык маселелер туруктуу комиссия | Т.Абдыжапаров |
4 | Айылдык китепкананын 2020-2021-жылга карата аткарып жаткан иштери | Август-сентябрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | А.Үркүнчиева |
5 | Айылдык маданият үйүнүн аткарып жаткан иштери | Август-сентябрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Н.Исмаилова |
6 | Айыл өкмөтүнүн жана ФЭБ башчысынын 9-ай ичинде аткарылган иштери боюнча | Август сентябрь | Бюджеттик комиссия | Жолочу уулу Н Б.Сагынбеков |
7 | Айыл аймагындагы “Бооралбас-Булак” ИСКАКБсынын, сугат суулары боюнча, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин отчеттору | Авгус-сентябрь | Бюджеттик комиссия | А.Кулубаев М.Ташматов. Ж.Сайнилов |
8 | Кенешке келип түшкөн арыз, дааттанууларды кароо | Август-сентябрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Төрага |
4-сессия | ||||
1 | Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин бекитүү | Ноябрь-декабрь | Бюджеттик комиссия | Б.Сагынбеков |
2 | Оруп-жыюунун жыйынтыгы техникалардын бааларынын туруктуулугунун сакталышы | Ноябрь | Айыл чарбасы боюнча таркмактык комиссия | Б.Назаралиев |
3 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы | Ноябрь-декабрь | Бюджеттик комиссия | М.Таялиев Б.Сагынбеков |
4 | Айыл өкмөтүндөгү жооптуу катчынын 2020-2021-жылга аткарган иштерин кароо | Ноябрь-декабрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | А.Үркүнчиева |
5 | Айылдык №7 ҮДТ нун 2020-2021-жылга карата аткарган иштери | Ноябрь-декабрь | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия | Г.Мааткеримова |
6 | Кенешке келип түшкөн арыз, дааттанууларды кароо | Ноябрь-декабрь | Жооптуу катчы | Төрага |
Жооптуу катчы: | А.Үркүнчиева. |