ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-апрели № 2
Сугат суусун пайдалануу жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундары менен 01.04.2021-жылда өткөрүлгөн жыйындын №4 протоколунун негизинде Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун карап, маалыматын угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айыл
аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXI-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкандарга сугат суу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанциясы жок суу берилбесин.
2. Сугат суусун пайдалануу жана тейлөө үчүн суу башына Ташматов Мелис бекитилсин.
3. Чон-Алыш каналынан чыккан сугат суусун Ташматов Мелис жана Жусупов Нурбек суу бөлүштүрүп. дыйкандарга кезеги менен суу бөлүштүрүп тейлешсин.
4. Суунун 1,0 гектар жерге тарифи -200 сом болуп бекитилсин жана сууну уруксаты жок жыгып, коромжу пайдаланса саатына – 900 сом айып пул салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Акматов |