ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-апрели № 3
Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн чөп чабынды (жайыт) багытындагы аренда жерлер жөнүндө
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Жолочу уулу Нурсултандын сунушун карап,маалыматын угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык Кенешинин кезексиз XXI-сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн чөп чабынды (жайыт) багытындагы жалпы 140,0 гектар жердин аренда акылары арендаторлор тарабынан айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси: Таялиев Мирланга төгүлсүн.
2. Ак-Чий жана Көк-Ой участкаларындагы жерлерден ар гектарына түшкөн 500 сом, башка жерлерден түшкөн -1000 сом аренда акылары айыл өкмөтүнүн кызыкчылыктарына (ар кандай жумуштарына) пайдалануу үчүн жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Акматов |