Редакцияот 19.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-апрели № 4

“Адис-Адилет” бала бакчасынын  2021-жылдын 17-мартындагы  ата-энелер чогулушунун  №3 протоколунунун негизинде  бала –бакчага ата-энелер тарабынан  төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

“Адис-Адилет” бала бакчасынын  2021-жылдын 17-мартындагы  ата-энелер чогулушунун  №3 протоколунун негизинде  бала –бакчага ата-энелер тарабынан  төлөнүүчү төлөмүнүн өлчөмүн бекитип берүү үчүн Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык

кеңешинин кезексиз  XXI-сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

“Адис-Адилет” бала бакчасынын  2021-жылдын 17-мартындагы  ата-энелер чогулушунун  №3 протоколу менен бекитилген, бала-бакчага ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөмү азык-түлүктүн кымбаттагандыгына байланыштуу  1 балага  бир күнгө 22 (жыйырма эки) сом болуп бекитилсин.

1.     Бул токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Сагынбековго жана “Адис-Адилет” бала бакчасынын  жетекчиси: Б.Мамбеталиевага  тапшырылсын.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: Жолочу уулу Нурсултанга  милдеттендирилсин.

 

 Төрага

Н. Акматов