Редакцияот 15.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 15-январы № 14/5

Тоголок-Молдо айыл аймагындагы «Бооралбас- булак»  ИСКАКБсынын жетекчисинин  милдетин аткаруучу А.Кулабаевдин сунушун кароо жөнүндө

 

   «Бооралбас- булак»  ИСКАКБсынын жетекчисинин  милдетин аткаруучу А.Кулубаевдин сунушун талкуулап, Тоголок-Молдо   айылдык  кеңешинин кезексиз 14-сессиясы

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ  :

 

1.    «Бооралбас- булак»  ИСКАКБсына  айыл   өкмөтүнүн   КБФ жеринен 5 га жер ижарага берүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын;

2.    Айыл ичиндеги суу алуучу  колонкалардын жанына  мал сугарган мал ээсине бодо мал башына 1000  (мин ) сом,  жандык мал башына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынсын;

3.    Ичүүчү таза сууну курулушка пайдаланган  жана  короо  жай    (огород) сугарган  жарандарга  5000 (беш мин)  сом  өлчөмүндө  айып пул салынсын;

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Н. Акматов