ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 2
Терек-Сай айыл аймагындагы Терек-Сай аймактык ооруканасынын жылытуу системасына ремонттоо иштерин жүргүзүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагындагы Терек-Сай аймактык оорукансынын жылытуу системасына ремонттоо иштерин жүргүзүү боюнча Терек-Сай айыл аймагынын башкы бухгалтери Т.Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай аймактык ооруканасынын жылытуу системасына ремонттоо иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 81 000 (сексен бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |