Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 3
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы кичи футбол талаасынын ичине торчо (сетка) тартуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы кичи футбол талаасынын ичине торчо (сетка) тартуу боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты М.С.Тойчуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылындагы кичи футбол талаасынын ичине торчо (сетка) тартуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |