Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 4
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Т.Суванованын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинде төмөндөгүдөй айрым бир өзгөртүүлөр киргизилсин: 701 бөлүмүнө 4200,0 миң сом, 70823 бөлүмүнө 100,0 миң сом жана 70823 бөлүмүнө 265,3 миң сом,70911 бөлүмүнө 2100,0 миң сом,70921 бөлүмүнө 1400,0 миң сом бардыгы болуп 7800,0 миң сом акча каражаттары алты айдын жыйынтыгы менен бекитилген бюджеттин планынан ашыкча аткарылгандыктан № 1 тиркемеге ылайык коюлсун .
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |