Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 26-октябры № 5

Терек-Сай айыл аймагында  жаңы курулган  жана долбоорлору  даяр болгон обьектилерге  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагынын каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Суванованын, аймакта жаңы курулган жана долбоорлору даяр болгон обьектилерди иш жүзүнө ашыруу жөнүндөгү билдирүүсүн  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  XV   сессиясы

1. жаңы курулган жана долбоорлору даяр болгон обьектилерди иш жүзүнө ашыруу максатында, жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  100  000 ( жүз миң)   сом  акча каражаты  бөлүнүп  берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ажакматов И.К.