Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 7
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-токой айылындагы турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу кызматын аткаруу үчүн “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-токой айылындагы турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу кызматын аткаруу максатында жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-токой айылындагы турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жумушун аткаруу үчүн “Терек-Сай Тазалык” муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 83 200 (сексен үч миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |