Редакцияот 26.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 26-октябры № 8

Кыргыз  Республикасынын аймагында  2022-жылга эл  жана турак-жай  фондун  каттоо жумуштарын өткөрүүгө жана  даярдыктарды көрүүгө акча каражатын бөлүп  берүү жөнүндө

 

Кыргыз  Республикасынын  аймагында  2022-жылга  эл  жана  турак-жай  фондун  каттоо  жумуштарын  өткөрүүгө  жана  даярдыктарды  көрүү жөнүндө, Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти А.А.Жантаеванын   кайрылуусун угуп жана талкуулап,  Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз  XV   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Терек-Сай айыл аймагында  2022-жылга  эл жана турак-жай  фондун  каттоо  жумуштарын  өткөрүүгө  жана  даярдыктарды  көрүү  жумуштары  үчүн  жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен  77 000 (жетимиш  жети  миң)  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын  КЭБнүн  башчысы  Т.Т.Сувановага  жүктөлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ажакматов И.К.