ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 10
Терек-Сай айыл аймагында 2021-жылдын аягына карата малдарды жана үй канаттууларды саноого катышкан мал санакчылардын айлык акыларын чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын экономист-статисти А.А.Жантаеванын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы №153 буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы 2021-жылдын жыйынтыгы менен мал санакка катышкан мал санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы №153 буйругуна ылайык, Терек-Сай айыл аймагындагы 2021-жылдын жыйынтыгы менен мал санакка катышкан мал санакчылардын эмгек акысын төлөп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22 000 (жыйырма эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |