ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-октябры № 11
Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев жана Центральная көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн скважина каздырууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев жана Центральная көчөлөрүнө таза суу чыгаруу боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде, скважина каздыруу максатында Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу К.Турдалиев жана Центральная көчөлөрүнө таза суу чыгаруу үчүн скважина каздырууга 415 000 (төрт жүз он беш миң ) сом акча каражаты “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнун 2022-жылга каралган соц.пакеттин эсебинен жеке ишкер Омошов Султаналы Атакуловичке бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |