ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 2
Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев жана Ак-Терек айылдарына балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү тургундар тарабынан келген кайрылуунун негизинде, өспүрүм балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында балдар ойноочу аянтча куруу зарылдыгана байланыштуу КЭБнүн башчысы Т.Суванованын проект үлүштүк дем берүүүчү грантка жазылып, өздүк салымга 30% акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү тургундар тарабынан келген кайрылуунун негизинде, өспүрүм балдарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында, үлүштүк дем берүүчү гранттан жалпы суммасы 4933041 (төрт миллион тогуз жүз отуз үч мин кырк бир )сом акча каражаты жана бул сумманын ичинен жалпы сумманын 30 % нен кем болбогон б.а. жергиликтүү бюджеттен өздүк салым – 1933041 (бир миллион тогуз жүз отуз үч миң кырк бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |