ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 3
Терек-Сай айыл аймагындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасынын мешин(печка) жаңы мешке алмаштыруу жөнүндө
Терек-Сай аймактык ооруканасынын жетекчиси Р.Ташбаеванын №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасынын мешии (печка) эскирип жарылып кеткендигине байланыштуу, башка жаңы меш (печка) орнотуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагындагы №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жылытуу системасынын меши(печка) эскилиги жетип, жарылып кеткендигине байланыштуу, иштеп жаткан кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында, жаңы меш(печка) орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 55 000 (элүү беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |