Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 28-декабры № 4

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 жана К.Турдалиев көчөсүнө таза суу чыгарууга   кудук (скважина) каздыруу  жөнүндө

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу  Горняк-2 жана К.Турдалиев көчөсүнө таза суу чыгарууга  кудук (скважина) каздырууга ,  тактап айтканда,азыркы учурдагы баалардын кескин жогорулап кеткендигинен ,керектүү материалдарды алууга   кошумча  акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү жеке ишкер Омошов Султаналынын кайрылуусун  угуп жана  талкуулап, Терек-Сай айылдык  кеңешинин IX  чакырылышынын  кезексиз   II   сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Терек-Сай  айыл аймагына караштуу  Горняк-2 жана К.Турдалиев көчөсүнө таза суу чыгарууга  кудук (скважина) каздырууга,  тактап айтканда баалардын кескин жогорулап кеткендигинен  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  100 000 (жүз  миң) сом  кошумча   акча  каражаты жеке ишкер  Омошов Султаналыга бөлүнүп  берилсин.

 

2.    Бул  токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл  аймагынын К.Э.Б.башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн .

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Тойчуев М.С.