ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 5
Терек-Сай айыл аймагында ден-соолугу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, I- топтогу майып Ж.Сарпбековдун жана С.Мырзалиев көчөсүнүн тургуну I- топтогу майып Токтомурат кызы Мээрзаданын тез аранын ичинде баш мээсине операция (диагноз: окклюзионная гидроцефалия) жасатуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылууларынын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Терек айылынын тургуну жашоо шарты оор, I- топтогу майып Ж.Сарпбековго ден-соолугуна жана турмуш шартына байланыштуу, 30 000 (отуз миң) сом жана С.Мырзалиев көчөсүнүн тургуну I- топтогу майып Токтомурат кызы Мээрзадага тез аранын ичинде баш мээсине операция (диагноз: окклюзионная гидроцефалия) жасатуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |