ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 7
Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылга карата бюджет долбоорун талкууулап, кийинки сессияга сунуштоо жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылга карата бюджеттин долбоорун талкууга алып чыккан КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, бюджет долбоорун бекитүүнү кийинки сессияга алып чыгуу максатында , Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын 2022-жылга карата бюджет долбоору кенири талкууга алынып, бюджет долбоорун бекитүү кийинки өткөрүлүүчү сессияга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук,укук тартиби маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |