ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 8
2022-жылдын 05-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы өспүрүм балдар арасында өткөрүлүүчү волейбол мелдешине катышып келүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин дене тарбия мугалими Ж.Ташболотовдун, 2022-жылдын 05-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы өспүрүм балдар арасында өткөрүлүүчү волейбол мелдешине катышып келүү үчүн жол чыгымдарына жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун окуп жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жыйынтыгында Терек-Сай айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
5. А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин дене тарбия мугалими Ж.Ташболотовдун, 2022-жылдын 05-январында Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон районундагы өспүрүм балдар арасында өткөрүлүүчү волейбол мелдешине жалпы 18 (он сегиз) катышуучу балдардын жол чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 18 000 ( он сегиз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык,Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
Тойчуев М.С. |