Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 2
Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасын” бекитүү жана 7 гектар жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 14-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.01.2022-жылдагы чыг.№01-23/9 – катты курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунда жайгашкан 7,0 гектар жер тилкесин “Өнөр жай жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунун “Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2022-2026-жылдарга карата программасы” №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | И. Умарахунов |
Депутаттардан Жалал-Абад шаардык кеңешенинин 26-январь 2022-жылдагы кезексиз
XIII сессиясынын 2-токтомуна 1-тиркеме
«Достук» аймактык башкаруу мекемесинин Кыргыз Республикасынын
Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча
2022-2026 жылдарга карата
ПРОГРАММАСЫ
“Достук” аймактык башкаруусунун кыскача географиялык жана
социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
1.1. Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Достук атындагы аймактык башкаруусу Жалал-Абад шаарынан борборунун түндүк-батыш тарабынан орун алган. Чыгыш тарабынан Курманбек АБ, түштүк тарабынан Ч.Айтматов АБ, түндүк тарабынан Таш-Булак Айыл аймагы, батыш тарабынан Спутник АБ менен чектешип турат.
Рельефи: Шаардын аймагынын борборунда жана түндүгүндө жайгашкан. Топурак, кум жана майда шагыл, таштардан турат.
Климаты: Климаты борсалдуу ачык байкалган кышы жана жайы менен. Абанын бир айлык орточо температурасы июль айында өрөөндөрдө + 350С, январь айында -10-2 0С. Шамалдын бир айлык орточо ылдамдыгы 2-6 м/сек.айрым убакта күнү 26 м/секундага жетет. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 100 мм ден 400 мл.метрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: Достук аймагы түндүк тарабынан стратегиялык сел арык каналы жайгашкан.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүнүн курамы – ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
1.2. Аймактык башкаруунун социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү
“Достук” аймактык башкаруусунун курамына төмөндөгү 9 квартал, 27 кондоминиумдар кирет: №5, №6, №7, №8, №20, №23, №24, №27, №28 . Аймактык башкаруунун административдик борбору – Шопоков көчөсү, 40 та жайгашкан.
Аймактык башкаруунун жалпы аянты – 660,0 км2, калктын туруктуу курамынын саны 28512 адам, алардын ичинен:
· Эркектер – 13 162 адам;
· Аялдар – 15 450 адам;
· 7 жашка чейинки балдар – 1 837 адам;
· 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар – 906 адам;
· 17 жаштан 65 жашка чейинкилер – 4275 адам.
Калктын эмгекке жарамдуулары - 3690 адам, алардын катарында:
· Иштегендери - 2506 адам;
· Иштебегендери - 1184 адам.
-калктын социалдык аялуу топтору:
· пенсионерлер - 452 адам;
· майыптар - 395 адам;
· жалгыз бой кары жарандар - 67 адам;
· 7 жашка чейинки балдар - 1837 адам.
№ 1 таблица
№ | Калктуу конуш | Пенсио-нерлер | Майып- тар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1. | Достук | 452 | 395 | 1837 | 67 |
|
| Достук АБ | 452 | 395 | 1837 | 67 |
|
Калктуу конуштар радиолоштурулган, электрлештирилген, узундугу 42,2 км түзгөн суу түтүктөрү жана 64 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, скважиналар аркылуу ишке ашырылат.
Аймактык башкаруунун кеңсеси өткөргүчсүз «КыргызТелеком», «Сапатком», «Билайн», «Мегаком», «О» телефон байланышы менен калктуу конуштар камсыз болгон.
Административдик, маданий-турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк имараттар негизинен бир-эки кабаттуу, топурак менен урулган жана бышкан кыш, темир-бетондон курулган.
Жеке сектордогу турак үйлөр саман-топурактан жана бышык, кам кирпичтен курулган.
Калктын негизги киреше булагы – кызматта, жеке ишкер.
Аймактык башкарууда малдын башынын саны:
· Ири мүйүздүү мал – 29 баш;
· Кой-эчки – 287 баш;
· Жылкы – 12 баш;
· Канаттуулар – 759.
Жер фондусу:
· көп жылдык бак-дарактар - 6,3 га;
Чарба жүргүзүү объектилери:
· наабайкана - 12;
· май куйучу жай - 4;
· тегирмен - 2;
· дарыкана - 9;
· эт цехи - 5;
· соода түйүндөрү - 24.
Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу. Негизи жолдун узундугу 32,0 чакырымды түзөт, анын ичинен катуу нерсе менен капталган – 32,0 чакырым.
Көпүрө – 2.
· Электр берүү линиясынын (ЭБЛ) узундугу – 18 чакырым.
· Трансформатордук подстанциялардын саны – 26 даана.
Калк электр кубаты менен 100 % камсыздалган.
АБ баардык аймагы сел жана жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү боюнча 5 баллдык мүмкүнчүлүгү бар зонага дуушар.
Коопту чарбалар – турак үйлөр, чарба жүргүзгөн объектилер, ирригациалык түйүндөр.
1.3. Достук АБ инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.
Билим берүү мекемелери:
№ к/н | Мектептин аталышы | Муг-дин саны | Окуучу-дын саны | Класстардын саны | Имараттарга мүнөздөмө |
1. | №5-орто мектеп |
96 |
2618 |
75 | 3 кабаттуу, 1965-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
2. | №8-орто мектеп |
59 |
1042 |
40 | 2 кабаттуу, 1958-жылы курулган, кирпичтен курулган, техникалык абалы канааттандырарлык |
3. | №14-орто мектеп |
100 |
2600 |
76 | 3 кабаттуу, 1989-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
4. | №16-орто мектеп |
49 |
794 |
32 | 2 кабаттуу, 1980-жылы курулган, кирпич-бетон, техникалык абалы канааттандырарлык |
5. | №21-орто мектеп |
52 |
825 |
33 | 2 кабаттуу, 2005-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык. Пожарный ход жок. |
6. | Кыргыз-түрк балдар лицейи | 38 | 369 | 19 | 3 кабаттуу, 1993-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
7. | Кыргыз-түрк кыздар лицейи |
73 |
600 |
28 | 2 кабаттуу, 1995-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
8. | №75-кесиптик лицей | 68 | 431 | 30 | 2 кабаттуу, 1967-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
9. | №7-бала бакча | 8 | 204 | 6 тайпа | 2 кабаттуу, 1965-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык, капиталдык ремонт талап кылынат. |
10. | №11-бала бакча | 7 | 145 | 5 тайпа | 1 кабаттуу, 1965-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
11. | №15-бала бакча | 6 | 150 | 4 тайпа | 2 кабаттуу, 1961-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
12. | №26-бала бакча | 3 | 111 | 3 тайпа | 1 кабаттуу, 2004-2015-жылы курулган, кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
| Бардыгы | 559 | 9889 | 351 |
|
Медициналык мекемелер:
№ к/н |
Аталышы | Медициналык кызматкерлердин саны |
Имаратка мүнөздөмө | ||
дары-герлер | эмчи айым/ фельдшерлер | санитарлар | |||
1. | №5-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу | 6 | 9 | 2 | Кирпич, техникалык абалы канааттандырарлык |
2. | №6-үй-бүлөлук дарыгерлер тобу |
1 |
3 |
1 | 1985-ж. курулган, кирпич-бетон. техникалык абалы канааттандырарлык, тамдын үстүн алмаштыруу талап кылынат. |
3. | Областтык төрөт үйү | 60 | 134 | 60 | 1997 –ж. курулган, бетон, техникалык абалы канааттандырарлык. |
| Бардыгы | 67 | 146 | 63 |
|
Маданий-эс алуучу мекемелер:
· Филармония - 1;
· Китепкана - 1
· Парк - 1
· Балдардын көркөм чыгармачылык мектеби:2
Административдик жана маданий-турмуш-тиричилик имараттар негизинен тогуз кабатка чейин, көп кабаттуу курулуштар жана турак үйлөр.
Жеке сектордо:
№ 2 таблица
№ к/н | Калктуу конуштардын аталышы | Түтүн- дүн саны | Анын ичинен | Эскер-түү | |||||
саман | топурактан урулган | кирпич | т/б | жыгач | |||||
Кварталдар | |||||||||
1. | №5 | 586 | - | 293 | 293 | - | - |
| |
2. | №6 | 372 |
| 272 | 30 |
|
|
| |
3. | №7 | 600 | - | 413 | 187 | - | - | Топурак менен саман аралаш | |
4. | №8 | 510 | - | 260 | 250 | - |
|
| |
5. | №20 | 397 | - | 252 | 145 | - | - |
| |
6. | №23 | 603 | - | 333 | 270 | - | - |
| |
7. | №24 | 345 | - | 60 | 285 | - | - |
| |
8. | №27 | 400 | - | 144 | 256 | - | - |
| |
9. | №28 | 128 | - | 73 | 55 | - | - |
| |
| Достук АБ | 3944 |
| 2100 | 1771 |
|
|
| |
Көп кабаттуу үйлөр | |||||||||
10. | № 3 | 3 |
|
| 3 |
|
|
| |
11. | № 4 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
12. | № 5 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
13. | № 8 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
14. | №14 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
15. | №15 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
16. | № 16 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
17. | № 17 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
18. | № 18 | 8 |
|
| 8 |
|
|
| |
19. | № 19 | 5 |
|
| 5 |
|
|
| |
20. | № 20 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
21. | № 21 | 2 |
|
| 2 |
|
|
| |
22. | № 27 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
23. | № 28 | 3 |
|
| 3 |
|
|
| |
24. | № 37 | 5 |
|
| 5 |
|
|
| |
25. | № 45 | 2 |
|
| 2 |
|
|
| |
26. | № 46 | 2 |
|
| 2 |
|
|
| |
27. | № 48 | 4 |
|
| 4 |
|
|
| |
28. | № 49 | 3 |
|
| 3 |
|
|
| |
29. | № 57 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
30. | № 72 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
31. | № 155 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
32. | № 157 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
33. | № 66 | 2 |
|
| 2 |
|
|
| |
34. | № 77 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
35. | №121 | 1 |
|
| 1 |
|
|
| |
36. | № 26 | 7 |
|
| 7 |
|
|
| |
| Достук АБ | 76 |
|
|
|
|
|
| |
Калктуу конуштарды кенейтүүдө жана жаны айылдарды түзүүдө аймактык башкармалыктагы баардык айылдар Жалал-Абад шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, айылдардын келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Биринчи кезекте мурдатан негизги калктуу конуштарды түзгөн айылдарды кеңейтүү, өстүрүү жагы каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаңы конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ынгайлуу болгон жана негизги автоунаа жолдору барган, ички инфраструктураларды алып келүүдө жакшы шарттары бар жер тилкелери тандалып каралган.
Ак-Тилек (канатуулар фабрикасы) кичи району Жалал-Абад шаарынан борборунан 10 км алыстыкта жайгашкан кожолуктун саны кварталдарда 1092 уй жайгашкан коп кабатуу үйлөр 14тү түзөт. 1 мектеп, 1 фап, 1 бала бакча бар. Калктуу конуштун ээлери жер иштетүү жана мал жандыктарын өндүрүү менен алектенет.
Трансформациялоого даярдалган жер жөнүндө.
Достук аймактык башкаруусунда 2022-2026-жылдар ичинде 1 этап менен жаңы конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивтери:
I этап. Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын 2012-жылдын 28-февралындагы №44 сандуу катында көрсөткөн маалыматка ылайык, 2055-жылы Сузак районунун тоолуу аймактарында жашаган тургундардын үйлөрү көчудөн жапа чеккендери үйлөрүнөн көчүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-июнунда №214 буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, мурдагы канаттуулар фабрикасынын жер аянтынан мурдагы Жалал-Абад областынын губернаторунун биринчи орун басары, Жалал-Абад шаарынын мэри, Сузак районунун акими Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы жана башка тийиштүү органдар жетекчилери менен биргеликте каралып 7,0 га жер тилкеси Жалал-Абад шаары менен Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ортосунда 08.08.2005-жылдын акты менен өз ара алмашуу жагы макулдашып фабриканын жеринен табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга тез арада үй куруу үчүн жер ажыратылып берилет. Бир гана көчкүдөн жапа чеккендерге гана эмес башка тургундарга да жер участоктору берилип кеткени маалым. Ал жерде азыркы учурда жеке турак үйлөр курулуп эл жашап жатат.
Жалал-Абад шаарынын борборунан 10км алыстыкта жайгашкан. Кожолуктун саны 76, калктын саны 297 түзөт. Жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Канатуулар фабрикасынан 7,0га жер аянтына үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралган. Ошондой эле мурунку канатуулар фабрикасынын жери өнөр жай багытында болгондугуна байланыштуу которуу жолу менен муктаждарга берүү каралган. Аталган жер айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.
К/н | Этаптар | Камтылган жылдар | Калктуу конуштарга каралган жер тилкелери | Жаңы калктуу конуштарга бөлүнө турган жер аянттары | Жер тилкесине муктаж болгон жана жаңы куралып жаткан жараандардын саны | |||
Табигыйжарат. кырсыктарына байланыштуу | Кезекте тургандар | |||||||
га. | Участка саны | Кезекте | Жаңы үй-бүлөө | |||||
1. |
I | 2022-2026 | Канатуулар фабрикасы | 7,0 | 76 | - | 112 | 56 |
2. |
II | 2022-2026 | Пригородный | 3,86 | 42 | - | 86 | 32 |
|
|
| Баары | 10,86 | 118 | - | 198 | 88 |
1. Достук аймактык башкармалыктагы мал жандыктарынын саны.
№ | Аймактык башкармалык | Жалпы ээлеген аянты (га) | Мал санактын жыйынтыгы боюнча мал жандыктарынын саны (баш) | ||
Ири мүйүздүү малдар | Кой-эчки | жылкылар | |||
1 | Достук АБ | 660,0 км2, | 420 | 1355 | 14 |