Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 26-январы № 4
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2021-2025-жылдарга карата программасын бекитүү жана 9,0 гектар жер аянтын транформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11 жана 14-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.01.2022-жылдагы чыг.№01-23/8-катты курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун, депутаттардын сунуштарын эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында жайгашкан 9,0 га жер сугат жер тилкесин “Айыл чарба максатындагы жер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча 2021-2025-жылдарга карата программасы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына өз ишмердүүлүгүндө жогоруда бекитилген программасын ишке ашыруу үчүн иш-аракет жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык мэриясына милдеттендирилсин жана аткарылышы тууралуу бир жылда бир жолудан кем эмес шаардык кеӊештин сессиясында отчет берүү жагы шаар мэрине (Э.Ормоков) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | И. Умарахунов |
Депутаттардан Жалал-Абад шаардык кеңешенинин 26-январь 2022-жылдагы
кезексиз XIII сессиясынын 4-токтомуна 1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандарын жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 2021-2025-жылдарга карата программасы.
1.1.Географиялык өзгөчөлүктөрү.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгы (мындан ары –А.Б) Жалал-Абад шаарынан 12 км алыстыкта түндүк-чыгыш тарабынан орун алган.Чыгыш тарабынан Багыш айылдык округу,түштүк тарабынан Таш-Булак,түндүк тарабынан Ленин айылдык округу, батыш тарабынан Көк-Арт дарыясы менен чектешип турат.
Рельефи: Аймактык башкармалыктын аймагынын түздүк бөлүгү топурак,кум,майда таш жана шагылдардан турат. Тоолуу бөлүгү, жээктери майда таш жана шагыл бөлүндүлөрү менен түзүлгөн. Кыртыш суунун жер үчтүнө чыгышы байкалбайт.
Климаты: Климаты баардык райондук климаттык көрсөткүчтөр менен мүнөздөлөт. Климаты континенталдык, ачык байкалган кышы жана жайы менен.Абанын бир айлык орточо температурасы жай айларында өрөөндөрдө +380С, күз кургак жылуу кийинирээк кышка айланат.Жердин үстүндө кар көп жатпайт.Бир жылда карлуу күндөр -90, кардын орточо бийиктиги 20-30 см түзөт. Январь-февраль айларында абанын температурасы -15-200С. Атмосфералык жаан-чачындын орточо саны бир жылда 500 мм ден 600 миллиметрге чейин өзгөрүп турат.
Гидрографиясы: АБ аймагы аркылуу тоолу жерлердеги куймалары менен Көк-Арт жана Кызыл-Суу дарыялар агып өтөт. (Көк-Арт дарыясы -150 куб.м/с, Кызыл-Суу дарыясы-50,3 куб.м/с). Дарыяларга кар-мөңгүнүн ээриген жана жаан-чачын суулары кошулат, максималдуу суу ташкын мезгили май-июнь айлары. Арык каналдар жеткиликтүү санда болгон сугат тармагы өнүккөн. Түз жерлеринде коллектордук-дренаждык түйүндөр жок.
Өсүмдүктөрү: Тик алкактагы рельефи өсүмдүк катмарынын ар түрдүүлүгү менен шартталган. Жалпы түрлөрүнүн курамы –ондогон түрлөрү, алар топторго кошулат (жээлчү жана жээлбечү).
Бул формациянын чөп курамына төмөнкүлөр кирет: эрингиум, жайылган кохия, кан токтотуучу бородач, миң жалбырак, түк мурундуу пырей.
Жазында жана жайдын башында шыбактуу өрөөндөрдө жана тоо этектеинде эфемерлер көп, кызгалдактар жыш гүлдөйт. Шыбактуу ээн талааларда көп жылдык бадалчалар-жайылган кохия, боз терескен, шыбактар өсүп чыгат.
Чөп өсүмдүктөрү менен катар эле бадалдар менен бак-дарактар да бар: терек, кара жыгач, тал түркүмүндөгүлөр да кездешет. Бакчалардан жыгач породалардын, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көп түрүн кездештирүүгө болот.
1.2.Аймактык башкармалыктын социалдык-экономикалык мүнөздөмөсү:
Аймактык башукармалыктын курамына төмөндөгү 6 калктуу конуштар кирет. Качкынчы, Камандар, Кыргызстан, Төш-Кутчу, С.Жээнбеков, Кызыл-Суу. Аймактык башкармалыктын административдик борбору – Качкынчы айылы.
Айылдык округдун жалпы аянты -6292 км2, калктын туруктуу курамынын саны 9123 адам, алардын ичинен
Калктын эмгекке жарамдуулары -4050 адам,алардын катарында:
Калктын социалдык аялуу топтору:
№
| Калктуу конуш | Пенсио нерлер | майыптар | 7 жашка чейинки балдар | Жалгыз бой кары жарандар | Эскертүү |
1 | Качкынчы | 220 | 36 | 231 | 5 |
|
2 | Төш-Кутчу | 127 | 31 | 207 | 4 |
|
3 | С.Жээнбеков | 116 | 42 | 115 | 2 |
|
4 | Кызыл-Суу | 44 | 13 | 49 | 1 |
|
5 | Кыргызстан | 75 | 26 | 94 | 2 |
|
6 | Камандар | 72 | 9 | 96 | 5 |
|
| Тайгараев АБ
| 654 | 157 | 792 | 19 |
|
Калктуу конуштар радиолоштурулган,электрлештирилген,узундугу 37 км түзгөн суу түтүктөрү жана 1048 колонка бар. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу суу түтүктөрү, кудуктар, булактар жана скважиналар аркылуу ишке ашырылат.
АБ кеңсеси жана өткөргүчсүз “КыргызТелеком”, ”Сапатком”, ”Билайн”, ”Мегаком” телефон байланышы менен калктуу конуштар камсыз болгон.
Аймактык башкармалыктын аймагында өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы менен алектенген 1256 фермердик чарбалар бар. Калктын негизги киреше булагы –мал чарба жана дыйканчылык.
Аймактык башкармалыктагы малдын башынын саны:
· Ири мүйүздүү мал -3830 баш
· Кой эчки -9455 баш
· Жылкы -1159 баш
· Канаттуулар -9569 баш
· коендор - 136 баш
· Бал челек - 555 даана
Жер фондусу:
· сугарылуучу жер аянттары -1056 га
· көп жылдык бак-дарактар -2 га
· жайыттар -745 га
· колдонбогон жерлер -4 га
Чарба жүргүзүү объектилери:
· наабайкана -2
· май куйуучу жай -2
· тегирмен -0
· дарыкана -1
· эт цехи -0
· соода түйүндөрү -16
Ички чарбалык жол тармагы жалпы пайдаланылып келген жолдордун тармагы менен түздөн-түз байланыштуу.Негизи жолдун узундугу 75 чакырымды түзөт,анын ичинен катуу нерсе менен капталган -75 чакырым.
Көпүрө-25
· Электр берүү линиясынын (ЭБЛ) узундугу -75 чакырым
· Трансформаторлук подстанциялардын саны -32 даана
Калк электр кубаты менен 100% камсыздалган.
1.3. А. Б инфратүзүлүшү жана алардын мүнөздөмөсү.
Билим берүү мекемелери:
№ к/н | Мектептин аталышы | Мугалим- дердин саны | Окуучу- лардын саны | Класстар дын саны | Имараттарга мүнөздөмө |
1 | Т.Кошматов атындагы о.м №10 | 86 | 1180 |
| 3 кабаттуу, 1977-жылы курулган,кирпич,техникалык абалы канааттандыраарлык |
2 | №18 Манас-1000 о.м Кыргызстан айылы | 21 | 207 | 11 | 1 кабаттуу,1995-жылы курулган,кирпич (фин.уй), техникалык абалы канааттандыраарлык |
3 | А.Калешов ат.о.м №11 | 34 | 393 | 19 | 1 кабаттуу,2008-жылы курулган,топурак,техникалык абалы канааттандыраарлык |
4 | М.Сагындыков ат.н. м №12 Кызыл-Суу а. | 8 | 67 | 7 | 1 кабаттуу,2020-жылы курулган,топурак,техникалык абалы канааттандыраарлык |
| Бардыгы:
| 149 | 1847 | 80 |
|
Медициналык мекемелер:
№ к/н | Аталышы | Медициналык кызматкерлердин саны | Имаратка мүнөздөмө | ||
дарыгерлер | эмчи айым/ фельдшерлер | санитарлар |
| ||
1 | Төш-Кутчу айылы а. ФАП |
| 1/1 | 1 | 2016-жылы курулган,кирпич техникалык абалы канааттандыраарлык |
2 | Качкынчы ҮДТ | 3 | 7 | 1 | 1984-жылы курулган,кирпич.оңдоп түзөө талап кылынат. |
3 | Кызыл-Суу а.ФАП | - | 0/1 | - | 2011-жылы курулган (фин.уй) техникалык абалы канааттандыраарлык |
4 | Качкынчы а. Тери-венерология лык бөлүм | 5 | 9 | 9 | 1978-жылы курулган,кирпич,оңдоп-түзөө талап кылынат. |
| Бардыгы | 8 | 17/2 | 11 |
|
Маданий-эс алуучу мекемелер:
Автоунаалардын жана айыл чарба техникаларынын саны:
Калктуу конуштарды кеңейтүүдө жана жаңы айылдарды түзүүдө аймактык башкармалыктагы баардык айылдар Жалал-Абад шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте тандалып чыкты, айылдардын келечектүүлүгү алардын генералдык пландары аркылуу каралды. Биринчи кезекте мурдатан негизги калктуу конуштарды түзгөн айылдарды кеңейтүү, өстүрүү жагы каралды. Ошондой эле айыл кыштактарга жакын турган жер тилкелери каралды. Негизинен келечектеги түзүлүп жаткан жаңы конуштарда элдер турак жай салып, жашоого ыңгайлуу болгон жана негизги автоунаа жолдору барган, ички инфраструктураларды алып келүүгө жакшы шарттары бар жер тилкелери тандалып каралды.
1. Качкынчы айылынын ээлеген аянты 176 га 680 кожолуктагы калктын саны 3470 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Качкынчы айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес. Айылдагы жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Питомник участкасында 3,2 га жер аянтына көп кабаттуу үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралды.
2. С.Жээнбеков айылынын ээлеген аянты 57 га 229 кожолуктагы калктын саны 1106 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 14 км алыстыкта жайгашкан. С.Жээнбеков айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес. Айылдагы жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Питомник участкасында 3,2 га жер аянтына көп кабаттуу үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралды.
3. Кыргызстан айылынын ээлеген аянты 52 га. 226 кожолуктагы калктын саны 1093 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан. Кыргызстан айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес.Айылдагы жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Питомник участкасында 3,2 га жер аянтына көп кабаттуу үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралды.
4. Төш-Кутчу айылынын ээлеген аянты 89 га. 351 кожолуктагы калктын саны 1855 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 9 км алыстыкта жайгашкан. Төш-Кутчу айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес. Айылдагы жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Питомник участкасында 3,2 га жер аянтына көп кабаттуу үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралды.
5. Камандар айылынын ээлеген аянты 64 га 178 кожолуктагы калктын саны 985 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 12 км алыстыкта жайгашкан. Камандар айылынын айланасы айыл чарбасындагы үлүш сугат айдоо жерлер болгондугуна байланыштуу генералдык планына ылайык кеңейтүү жана өстүрүү мүмкүн эмес. Айылдагы жер тилкелерине муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына Питомник участкасында 3,2 га жер аянтына көп кабаттуу үй куруу менен муктаждыктарын чечүү каралды.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгында 2020-2025-жылдар ичинде 2 этап менен жаңы конуштарды түзүүгө бекитилген жер массивдери.
к/н | этаптар | Камтылган жылдар | Калктуу конуштарга каралган жер тилкелери | Жаңы калктуу конуштарга бөлүнө турган жер аянттары | Жер тилкесине муктаж болгон жана жаңы куралып жаткан жарандардын саны | |||||
Табигый жарат. кырсыктарына байланыштуу | Кезекте тургандар | Баары | ||||||||
Га. | Участка саны | жалпы | Жаңы үй-бүлө | |||||||
1 | I |
| Кызыл-Суу | 9 | 65 | 65 |
|
| 65 | |
2 | II |
| Питомник | 3,2 |
|
| 592 | 310 | 912 | |
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын айылдарынын жайгашуусу жана андагы кожолуктун, калкынын саны:
№ | Айылдардын аталышы | Район борбор. алыстыкта (км) | Област борбор. алыстыкта (км) | Кожо луктун саны | Калк саны (адам) | Калктын улуттук курамы | |||
Кыргыз | Башка улуттар | ||||||||
Саны | % | саны | % | ||||||
1 | Качкынчы | 12 | 12 | 680 | 3470 | 3464 | 99,86 | 6 | 0,14 |
2 | Кыргызстан | 9 | 9 | 226 | 1093 | 1083 | 99 | 10 | 1 |
3 | С.Жээнбеков | 13 | 13 | 222 | 1106 | 1093 | 99 | 13 | 1 |
4 | Төш-Кутчу | 9 | 9 | 348 | 1855 | 1833 | 99 | 22 | 1 |
5 | Кызыл-Суу | 70 | 70 | 136 | 614 | 614 | 100 | 0 | 0 |
6 | Камандар | 12 | 12 | 178 | 985 | 985 | 100 | 0 | 0 |
| Баары |
|
| 1745 | 9123 | 9072 | 99,4 | 51 | 0,6 |
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктагы калктуу конуштардын ээлеген аянттары жана мал жандыктарынын саны
№ | Айылдардын аталышы | Айылдардын жалпы ээлеген аянты (га) | Мал санактын жыйынтыгы боюнча мал жандыктарынын саны (баш) | |||
Ири мүйүздүү малдар | Кой-эчки | жылкылар |
| |||
1 | Качкынчы | 84 | 1532 | 3621 | 335 |
|
2 | Кыргызстан | 22 | 291 | 359 | 13 |
|
3 | С.Жээнбеков | 30 | 281 | 1154 | 127 |
|
4 | Төш-Кутчу | 55 | 727 | 2040 | 69 |
|
5 | Кызыл-Суу | 32 | 239 | 775 | 260 |
|
6 | Камандар |
|
|
|
|
|
| Баары |
| 3070 | 7949 | 804 |
|
6. Кызыл-Суу айылынын ээлеген аянты 21 га. 131 кожолуктагы калктын саны 614 тургун. Жалал-Абад шаарынын борборунан 75 км алыстыкта жайгашкан. Кызыл-Суу айылын 1994-2017- жылдары жер көчкү коркунуч пайда болгондон кийин келечеги жок болуп, калкты толук көчүрүү каралган. 2018-2019-жылдар ичинде өтө кооптуу жайларда жашаган 44 үй бүлөөнүн 23 үй-бүлөгө, Качкынчы айылынан өткөн жогорку чыңалуудагы “Датка-Узловая” электр линиясынын алдында калган 21 үй-бүлөгө, Каамандар айылындагы мүрзөгө жакын жайгашып калган 5 үй-бүлөгө кайра бөлүштүрүү фондусунун Кызыл-Суу айылынын Доскана участкасынан 9 га кайракы айдоо жерине көчүрүү каралууда.
Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 5 айылдын генералдык пландарына ылайык 2007-2008-жылдары 4 айылдын аймагы кеңейтүү максатында 1433 тургунга 148 га сугат айдоо жер берилген. Бүгүнкү күнү айылдардын айланасында үлүш жерлер жана сугат жерлер болгондуктан айылдарды кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Аймактык башкармалыктын калктуу конуштарда жашап жаткан элдин саны жыл өткөн сайын өсүп, бир жылда орточо эсеп менен 120 жакын жаңы үй-бүлө каралууда. Аймактык башкармалык боюнча жер тилкелерине муктаж болгондордун саны 2021-жылдын 1-октябрына карата 912 жаранды түздү. Аймактык башкармалыктын 2021-жылдан 2025-жылдар аралыктагы программасында жер тилкелерин бөлүп берүүгө айыл аймагынын КБФ кайракы аянттары менен Питомник участкасындагы 3,2 га мамлекеттик фондунда турган айыл чарбасындагы жер аянттары каралды.
I этапта 2021-2025-жылдары айыл конуштарына ылайык келген аймактык башкармалыктын Кызыл-Суу айылындагы мамлекеттин фондунда турган кайракы айдоо аянттан 6 га жер аянтын калктуу конуштарга которуу жолу менен жер тилкелери бөлүнөт жана жер көчкү коркунучунда жашаган 23 үй бүлөөгө, жогорку чыңалуудагы Датка-Узловая 220 электр линиясынын алдында калган 21, Камандар айылындагы мүрзөгө жакын жайгашып калган 5 үй-бүлөгө жер участоктордун ээлерине жер тилкелери берилет.
II этапта 2021-2025-жылдары Питомник участкасындагы 3,2 га сугат айдоо жерди калктуу конушка которуу жолу менен көп кабаттуу үй курулгандан кийин, калган үйгө муктаж жарандардын маселеси чечилет.