Редакцияот 08.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 8-декабры № 4

Момбеков айыл аймагынын  айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын  27-сессиясынын 21.08.2019-жылдагы № 3 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо   киргизүү  жөнүндө

 

Момбеков айыл аймагынын элинин суроо талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын  Жер кодексинин  18-беренесин жетекчиликке алып, Момбеков айылдык Кеңешинин XXVIII-чакырылышынын    8-сессиясы

токтом кылат:

1.    Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2.    Момбеков айыл аймагындагы мелиоративдик даярдыктагы жерден

1. Чек айылындагы № 235, № 236, № 239- контурларынан – 5,0 га,

2. Жазгак айылындагы № 273-контурдан 5,60 га,

3. Бостон айылындагы № 172, № 311-контурдан 6,60 га,

4. Көп-Там айылындагы  №187, № 189-контурдан 3,80 га жалпысы болуп 21,0 га жер тилкесин  калктуу конуштар категориясына  өзгөртүү боюнча  жогорку органдарга кайрылуу жагы Момбеков  айыл өкмөт башчысы К.Абдыжапаровго  милдеттендирилсин.

3.    Калктуу конуштар категориясына которулган (трансформацияланган) жер тилкелери жеке турак жай салууга жер аянттары түзүлгөн башкы планга ылайык 0,08 (сегиз) га дан бекитилсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

 

И. Абдыразак уулу