АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII уюштуруу сессиясынын
2022-жылдын -15 январы № 7/2
А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Бант участкасындагы 2,0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Бант участкасындагы 2,0 га жер аянтына калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында, токтой чарбасынын Исфайрам токойчулугунун Бант өзөгүндөгү 81 кварталдын 1 – выделинин 2,0 га жер аянтына каптаж куруп жана түтүктөрүн өткөрүү үчүн “Токой фондусунун жерлери”нен “Өнөр жайы, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Галботоев |