Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 2 сессиясы

 

2021-жылдын 27- декабры № 7/17

Кызыл–Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 9 айында аткарылышына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

           

            «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021–жылдын 20–октябрындагы №123 Мыйзамынын 34–беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 9 айында аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын, туруктуу комиссиянын 2021–жылдын 02–03–ноябрындагы №9 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Ак-Булак айылындагы спорт залына жылуулук эмеректерин орнотуу үчүн  300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын  шаардын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эконом бөлүкчөсүнөн бөлүнүп берилсин. 

 

2.      Караван аймактык башкармалыгынын 2021-жылдын сметасынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясынан 35 000 (отуз беш миң) сом кыскартып, 2222 “Учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алуу” статьясына 35 000 (отуз беш миң)  сом көбөйтүлүп берилсин.  

 

3.      Ак-Булак айылындагы М.Гвардия көчөсүнө таза суу куурларын орнотуу үчүн Караван аймактык башкармалыгынын  жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражатынан 684 637 (алты жүз сексен төрт миң алты жүз отуз жети) сом бөлүнүп берилсин.

 

4.      Кулатов көчөсүндө жайгашкан борбордук сыркынды суулар өтүүчү ∅-600 мм куурларын алмаштыруга 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты шаардын      2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эконом бөлүкчөсүнөн бөлүнүп берилсин.

 

5.      Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетиндеги 22311200 «Электрэнергия төлөмдөр» статьясынан       240 000 (эки жүз кырк миң) сомго кыскартып, 22221100 «Материалдарды жана жабдууларды сатып алуу» статьясына 240 000 (эки жүз кырк миң) сомго көбөйтүлүп берилсин жана 100 000  (жүз миң) сом лобаратордук тестирлөө өткөрүүгө шаардын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эконом бөлүкчөсүнөн бөлүнүп берилсин. 

 

6.      Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2021-жылдын сметасындагы атайын өздүк эсептин планы боюнча 21067000 (жыйрма бир миллион алтымыш жети миң) сом каралган, бирок 2021-жылдын 9-айында пландын 8432800 (сегиз миллион төрт жүз отуз эки миң сегиз жүз) сому аткарылган, 2021-жылдын 4 кварталынан 6700000 (алты миллион жети жүз миң) сомду кыскартып берүүгө уруксат берилсин.

 

7.      Шаардык муниципалдык менчик департаментинин  2222 учурдагы чарбалык жана материалдарды сатып алуу беренесинен 80 000 (сексен миң) сомду кыскартып, ММДнин 3112 машиналар жана камсыз кылуулар беренесине шаардык авариялык жана пландык жумуштарды аткаруу максатында, бензиндүү көчмө генератор алуу үчүн, акча каражатын жылдыртып берүүгө уруксат берилсин.  

 

8.      Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2227  женилдиктер  беренесине  кошумча                        575 000 (беш жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатын карап берүү жагы шаардын мэри А.Маткалыковго сунушталсын.

 

9.      Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылда аткарылуучу иш чараларында “Мектеп жана бала бакчаларынын имараттарынын жыгач конструкцияларын өрткө каршы суюктуктар менен иштеп чыгуу жана өрткө каршы белги берүүчү аппараттарды орнотуу жумуштарына 1000 000 (бир миллион) сом, Ленин жана Молодежный көчөлөрүнүн аралыгындагы 150 м жолду асфальтоо” жумуштарын 1500 000 (бир милиион беш жүз миң) сом каралган.

Жогорудагы иш чаралардын ордуна 15 кичи районундагы №3 У.Салиева атындагы мектебинин тамактануучу ашканасынын куруу жумуштарынын бир бөлүгүн аткарууга 1 256 591 (бир миллион эки жүз элүү алты миң беш жүз токсон бир) сом, Кулатов көчөсүндө жайгашкан жаңы конушуна  КТП-63 орнотуу үчүн 349 997 (үч жүз кырк тогуз миң тогуз жүз токсон жети) сом, Жусубалиев  көчөсүндөгү сыркынды суулар кетүүчү куурлардын кудуктарын көтөрүү үчүн  488 164 (төрт жүз сексен сегиз миң бир жүз алтымыш төрт) сом жана Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү мекемелерине эмеректерди (парта, отургуч жана башкалар) сатып алууга 405 248 (төрт жүз беш миң эки жүз кырк сегиз) сом, жалпысы 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражатын жумшоого жана ММДнын 2021-жылда аткарылуучу иш чараларына өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин. 

 

10.  Шаардын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесине, Спортивный көчөсүнөн Пассажирский автобазага чейинки  180м аралыктагы куурлардын айланасын бетон куйуп толтуруу үчүн кошумча 405 000 (төрт жүз беш миң) сом акча каражаты шаардын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эконом бөлүкчөсүнөн бөлүнүп берилсин.

 

11.  Шаардын  “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык мекемесине карыздарын жабууга 144 000 (бир жүз кырк төрт миң) сом акча каражаты, шаардын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин эконом бөлүкчөсүнөн бөлүнүп берилсин.

 

12.  Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2721 “Женилдиктер” беренесине кошумча        100 000 (жуз миң) сом акча каражатын карап берүү жагы шаардын мэри А.Маткалыковго сунушталсын.

 

13.  Шаардын №6 Токтогул атындагы орто мектебинин: 

 

1) 22152100 беренесинен үнөмдөлгөн – 15 000 (он беш миң) сом,

2) 22241100 беренесинен үнөмдөлгөн – 4550 (төрт миң беш жүз элүү) сом,

3) 22311100 беренесинен  үнөмдөлгөн – 10 000 (он миң) сом,

4) 22311200 беренесине үнөмдөлгөн – 20 000  (жыйырма миң) сом,

акча каражаттарын 22211100 учурдагы ремонт беренесине которулуп берилсин. 

 

14.  Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2021-жылга бекитилген бюджетинин 2222  “Канцелярдык жана чарба буюмдарын сатып алуу” беренесинен 39 000 ( отуз тогуз миң) сом кыскартылып, 2214 “Транспорт чыгымдары” беренесине 24 000 (жыйырма төрт миң) сом, 2215 “Башка чыгымдар” беренесине 15 000 (он беш миң) сомго көбөйтүлүп берилсин. 

 

15.  Шаардын 1-кичи районунда жайгашкан №18 “Дюймовочка” балдар бакчасынын ички жылытуу системасын капиталдык оңдо-түзөө жумуштарын аткаруу мезгилинде сметада көрсөтүлбөй калган кошумча жумуштарга 98 467 (токсон сегиз миң төрт жүз алтымыш жети) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы шаардын мэри А.Маткалыковго жана каржы башкармалыгына сунушталсын.

 

16.  Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун №1, №27, №31 көп кабаттуу үйүлөрүн борбордук буу казандын (ТЭЦтин) жылытуу  түйүнүнө  кошуу үчүн  курулуш  материалдарын  сатып  алууга шаардын   муниципалдык менчик департаментинин “Учурдагы оңдоо” статьясында үнөмдөлгөн 688 551 (алты жүз сексен сегиз миң беш жүз элүү бир) сом акча каражатынын эсебинен аткаруу жагы муниципалдык  менчик департаментине тапшырылсын.

 

17.  Караван аймактык башкармалыгынын  Караван айылынын Озерная көчөсүндөгү трансформаторун ремонтоого жана Ак-Булак айылындагы ФАПтын электр трансформаторун ремонтоого, “актив” беренелеринен 114 858 (жүз он төрт миң сегиз жүз элүү сегиз)  сом үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен аткарууга уруксат берилсин.

 

18.  Кызыл-Кыя шаарындагы №1 Д.М. Карбышев  атындагы орто мектебине, билим берүү бөлүмүнүн көмүр сатып алуу статьясынан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын көмүр алууга бөлүп берилсин.

 

19.  Кызыл-Кыя шаарындагы №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебине, билим берүү бөлүмүнүн көмүр сатып алуу статьясынан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражатын көмүр алууга бөлүп берилсин.

 

20.  Ак-Булак айылындагы М.Гвардия көчөсүнө 630 метр суу куурларын орнотуу үчүн,  2021-жылдын Бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен 700 000 (жети жүз миң) сом  акча каражаты бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

21.  Кызыл-Кыя шаарынын №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин 22152100 “Санитардык кызмат” беренесинен үнөмдөлгөн 6 000  (алты миң)  сомду, 22311100 “Сууга төлөмдөр” беренесине которулуп берилсин. 

 

22.  Кызыл-Кыя шаарындагы Ден соолукту чындоо комплексинин киреше бөлүгү толук аткарылбай жаткандыгына байланыштуу, мекеменин 22311100 “Сууга төлөмдөр” беренесине 70 805 (жетимиш миң сегиз жүз беш) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2021-жылдын Бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен 22311100 “Сууга төлөмдөр” беренесине 70 805 (жетимиш миң сегиз жүз беш) сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

23.  2021-жылдын Бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен Ден соолукту чындоо комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө үчүн 2111 “Эмгек акы төлөмдөр беренесине 248 250 (эки жүз кырк сегиз миң эки жүз элүү) сом жана 2121 “Соц фондго чегерүү” беренесине 51 750 (элүү бир миң жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүп берилсин.

 

24.  Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын декабрь айына пландалган жумуштарга керектелүүчү 1738520 (бир миллион жети жүз отуз сегиз миң беш жүз жыйырма) сом акча каражат маселесин чечип берүү боюнча: 

 

1)    Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтына Жаңы-жылдык балатыны орнотууга жана жасалгалоо үчүн 410 000 (төрт жүз он миң) акча каражатын, 2215 башка чыгымдар беренесине бюджетке кошумча кошулган пландын эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

2)    Кызыл-Кыя шаарындагы Джал-Сай каналынын жээктерин бекемдөө үчүн долбоордук документтердин мамлекеттик экспертизасына 161 100 (бир жүз алтышым бир миң бир жүз) сом акча каражатын, 3111 Аквтив беренесине бюджетке кошумча кошулган пландын эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

3)    Кызыл-Кыя шаардык төрөт үйүн кошумча резервдик электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 108 478 (жүз сегиз миң төрт жүз жетимиш сегиз) сом акча каражатын,  3111 Актив беренесине ММДнын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен аткарууга уруксат берилсин.

 

4)   Кызыл-Кыя шаарынын А.Масалиев, Советская жана Молодежная көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарына 600 200 (алты жүз миң эки жүз) сом акча каражатын, 3111 Актив беренесине  бюджетке кошумча кошулган пландын эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

5)    Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүндөгү дарактарды бутоо үчүн муниципалдык менчик департаментине 1 (бир) кошумча штаттык бирдигине бир айлык акы төлөө үчүн 6742 (алты миң жети жүз кырк эки) сом акча каражатын, 2111 Эмгек акы беренесине ММДнын өзүнүн эсебинен аткарылсын.

 

6)    Кызыл-Кыя шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө керектелүүчү 2 даана суу соруучу насос (мотопомпа) сатып алууга 37000 (отуз жети миң) сом акча каражатын, ММДнын 3111 Актив  беренесинен 3112 Актив беренесине которуп аталган жумушту аткарууга уруксат берилсин.

 

7)    2021-жылдын декабрь айына жана 2022-жылдын январь айына керектелүүчү күйүүчү май (ГСМ) сатып алуу үчүн 164 400 (бир жүз алтымыш төрт миң төрт жүз) сом акча каражатын, ММДнын 2221 Учурдагы оңдоо беренесинен 2214 Транспорттук чыгымдар беренесине которуп аталган жумушту аткарууга уруксат берилсин.

 

8)    Автоунаа тетиктерин сатып алууга 50 600 (элүү миң алты жүз) сом акча каражатын, ММДнын 2221 “Учурдагы оңдоо” беренесинен  2214 “Транспорттук чыгымдар” беренесине которуп аталган жумушту аткарууга уруксат берилсин.

 

9)   Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө эмеректерди сатып алуу үчүн        200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

25.  №10 Теремок балдар бакчасынын эшик-терезелерин алмаштыруу үчүн ММДнын              3111 Активдер беренесине 341 000 (үч жүз кырк бир миң) сом акча каражаты,          2021-жылдын  Бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен, бөлүп берүүгө уруксат берилсин

 

26.  Дене тарбия жана спорт секторунун, 22154900 статьясында экономдолгон                  50 000 (элүү миң) сом акча каражатын кыскартып, 2211 статьясына 50 000 (элүү миң) сом кошуп берүүгө, макулдук берилсин.

 

27.  Шаардын мэриясынын 2212 байланыш чыгымдар беренесинен 30 100 (отуз миң бир жүз) сом акча каражаты кыскартылып, 2214 Транспорттук чыгымдар беренесине     30 100 (отуз миң бир жүз) сом акча каражаты кошулуп берилсин.

Бюджеттин кошумча кошулган пландын эсебинен 2211 сапардагы чыгымдар беренесине 38 100 (отуз сегиз мин бир жүз) сом акча каражатын, бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

28.  Кызыл-Кыя шаарында жаңы жыл майрамын уюшкандыкта өткөрүү максатында маданият бөлүмүнүн 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” беренесине 24 000 (жыйрма төрт миң) сом акча каражатын, 2021-жылдын бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен бөлүп берүүгө жана маданият бөлүмүнүн 22221200 “Чарбалык буюмдарды сатып алуу” беренесине 81 000 (сексен бир миң) сом акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

29.  Караван аймактык башкармалыгынын 2215 “Башка чыгымдар” беренесинен                  33 000 (отуз үч миң)  сом акча каражатын кыскартып, 2214 “Транспорттук чыгымдар”  беренесине которуп берилсин. 

 

30.  Шаардык Аскер комиссариатынын 2021-жылга каралган бюджетинин 2215 “Башка кызматтар”  беренесинен 9000 (тогуз миң) сомду кыскартып, 2231100 “Суу үчүн төлөмдөр” беренесине 9000 (тогуз миң)  сомго көбөйтүп берилсин. 

 

31.  Бюджетке кошулган пландын эсебинен ЕБРР аркылуу алынган кредитти жабуу    үчүн 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

 

32.  Шаардын №10 “Теремок” балдар бакчасына печка алуу үчүн, билим берүү бөлүмүнүн  3112 Аквтивдер беренесине 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын,                   2021-жылдын бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен кошуп берүүгө уруксат берилсин.

 

33.  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана        Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2021-жылдын 03-декабрындагы  №11/2151 Талабына негиз, Кызыл-Кыя шаарындагы мектептерди толук 100% га көмүр менен камсыз кылуу максатында, шаардын 2021-жылдын Бюджетине кошумча кошулган пландын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

34.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Калматов