КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 19
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 22.12.2021-жылдагы №01-14/562 сандуу катын угуп жана талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
токтом кылат:
1. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын карап чыгып, кетирилген кемчиликтерге баа берилсин жана тийиштүү жооптуу адамдарга чараларды көрүү жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевке тапшырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 21-декабрындагы №161-п буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясынын колдонуу шарттары толугу менен аткаруу жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
3. Жоопкерчиликке берилген материалдык баалуулуктардарды сактоону жана келген материалдык баалуулуктардарды кириштөөнү көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл өкмөтүнүн Финасы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айдаровко жүктөлсүн.
4. Кыштут айыл аймагынын бухгалтериялык отчет учет иштерин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 25,12,2018-жылдагы №137-б буйругу менен бекитилген “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана каржылык отчетторду жүргүзүү боюнча” Жобонун негизинде жүргүзүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ж. Мидинов |