Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 29

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын IX сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба жерлерин, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара  айыл аймагынын айылдык кеңешинин   VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:

 

  1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын IX-сессиясынын №80-токтомунда көрсөтүлгөн №267-268-контурларында ката кеткендигине байланыштуу №268-269-контурлар болуп өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
  2. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын 582-контурунун түштүк-батыш тарабынан таштанды таштоо үчүн 1га жер жана Чек айылынын Төө-Таш участкасынын 268-269-контурунун түндүк-батыш тарабынан 1га жер аянты таштанды таштоо үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. 
  3. Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жерден 1га жер аянты өнөр-жайынын, транспорттук байланыштын коргонуу жерлери жана башка багытындагы жерлерге которуу (трансформациялоо) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
  4. Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын. 
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Зайниевке жүктөлсүн. 

 

Төрага

Р.Сайкалова