Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 1
Исфана шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Исфана шаардык кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы №1 токтомуна тиркеме |
Исфана шаардык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Исфана шаарынын 2021-жылдын Өнүгүү (СРС) программасынын аткарылышы, 2022-жылдын Өнүгүү (СРС) программасын бекитүү жөнүндө | I квартал Январь 2022-жыл | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Исфана шаарынын 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал Январь 2022-жыл | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаарынын мэринин 2021-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун угуу
| I квартал Январь 2022-жыл | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу | I квартал февраль 2022-жыл | Муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматын угуу | II квартал 2022-жыл | Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары | |
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу | II квартал 2022-жыл | Муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын иштеринин абалы жөнүндө маалыматын угуу. | II квартал Май 2022-жыл | Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы. | |
Исфана шаарынын мэринин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча жана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын отчётторун угуу. | III квартал 2022-жыл | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар | |
Исфана шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышынын абалы жөнүндө | III квартал 2022-жыл | Исфана шаар мэриясы жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары | |
Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | III квартал Сентябрь 2022-жыл | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө | III квартал Сентябрь 2022-жыл | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы жана бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы | |
Исфана шаардык Кеңешинин алдындагы фракциялардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматын угуу | Учурунда | Фракция лидерлери | |
Исфана шаардык Кеңешинин 2023-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө | IV квартал 2022-жыл | Исфана шаардык Кенешинин аппараты, туруктуу комиссиялар жана депутаттык фракциялар |
Исфана шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
З.Н. Туяков |