Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 2
Исфана шаардык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө
Исфана шаардык Кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага: |
Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы №2 токтомуна тиркеме |
1. Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясияларында кабыл алынган тиешелүү токтомдордун Исфана шаарынын мэриясы тарабынан аткарылышы тууралуу:
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаар мэриясынын “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылануучу” социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндөгү” № 3-токтомунун аткарылышы боюнча:- “Самат” паркын абаттоо боюнча долбоор жактырылып, стимгранттын эсебинен 2 843 524 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 719 477 сом акча каражаты бөлүнгөн, курулуш иштери аяктоо алдында турат. Ал эми “Арча-Бешик” балдар бакчасына спорттук-музыкалык зал куруу иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 252 822 сом бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок “Ак-Булак” орто мектебине китепкана куруу долбоору 2022-жылга жылдырылды, тийиштүү иш кагаздары даярдалган.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана Жайыт комитетинин 2021-жылга карата мал башына төлөнүүчү жайыт акысына тарифтерди бекитүү жөнүндөгү” № 4-токтомунун аткарылышы боюнча:-малдардын түрлөрүнө жана ар бир малдын башына карата 2021-жылга акы төлөө жалпы 620695 сомго бекитилген болсо, бүгүнкү карата 680000 сом жайыт акы топтолуп, план 110% аткарылды.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы “Жайыт комитетине караштуу жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү” №5-токтомунун аткарылышы боюнча: -Тайлан айылынын аймагындагы № 867-контурдан 4.4 га. жер тилкеси көрүстөн үчүн трансформацияланды.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндөгү” №6-токтомунун аткарылышы боюнча:- бир башкы жана бир жетектөөчү адис штаты алынып, бүгүнкү күндө адистер иштеп жатышат.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХХVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы “Исфана шаарынын аймагындагы аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндөгү” № 7-токтомунун негизинде Мурза-Патча айылынын борбордук көчөсүнө С.Эрматовдун, Голбо айылынын көчөсүнө М.Жалиловдун ысмын өзгөртүү, ал эми Ак-Булак айылындагы Колтук көчөсүн Чыгыш көчөсү деп өзгөртүү тууралуу иш кагаздары госрегистрге жиберилип, бул токтом аткарылды.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХL сессиясынын 2021-жылдын 4-мартындагы “Статистикалык маалыматтарды топтоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди бекитүү жөнүндөгү” №4-токтому менен бекитилген келишимге ылайык Исфана шаарынын мэриясынын статист-экономист штаттык бирдигинин эмгек акысы републикалык бюджеттин эсебинен төлөнүүдө.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХL сессиясынын 2021-жылдын 4-мартындагы “Исфана шаарынын 2021-2023-жылдарга карата Өнүгүү программасын бекитүү жөнүндөгү” №5-токтому менен бекитилген программа жетекчиликке алынып, ушунун негизинде жыл сайын Исфана шаарынын өнүгүү программалары шаардык Кеңештин депутаттарына сунушталып, аткарууга алынууда.
-Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХL сессиясынын 2021-жылдын 4-мартындагы “Жайыт комитетине караштуу жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү” № 6-токтомунун негизинде Жаштык участкасынын 3.0 га, Бозогүл участкасынан 4.0 айыл чарбасына жараксыз жерлерден көрүстөн үчүн трансформациялоо боюнча тийиштүү иш кагаздары даярдалууда.
2. Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын сессиясияларында кабыл алынган тиешелүү токтомдордун Исфана шаарынын мэриясы тарабынан аткарылышы тууралуу:
-2021-жылдын 28-июлундагы “Исфана шаарынын 2021-жылдын өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №1-токтому менен бекитилген Исфана шаарынын 2021-жылга карата өзгөртүлүп, толукталган өнүгүү программасы боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө, жылдын жыйынтыгы менен толук маалымат берилет.
-Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы “Муниципалдык менчик департаментине караштуу фронтальный погрузчик “SHANTUI SL50WN” унаасынын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндөгү” №2-токтомуна ылайык көрсөтүлгөн техниканы башкаруу Турсунбаев Абдилла Жороевичке тапшырылып, жыл ичинде шаардын ички жолдорун тегиздөө, сел кесепеттерин жоюу боюнча бир топ иштерди аткарды. 2021-жылдын июнь айынан бери элге бекер кызмат кылгандан сырт 107.0 миң сомдук оор техниканын жумуштук абалын сактоо, тетиктреди жана майларды алмаштыруу иштерине жумшалды. 41.0 миң сом “Нур тумар” жоопкерчилиги чектелген коомуна келишимге ылайык кызмат көрсөтүп, жалпы көрсөткөн кызматы 127.0 сомду түзүп, жергиликтүү бюджетке түшүргөн. Айдоочуга 50.0 миң сом эмгек акы төлөнгөн.
-Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы “Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык Жаштар борборуна штаттык бирдик бекитип берүү жөнүндөгү” № 3-токтомун аткаруу максатында Исфана шаарына Жаштар борборунун жетекчисинин (жетектөөчү адис деңгээлинде) убактылуу милдетин аткаруу жагы Исфана шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин оператор-катчысы М.А.Мурзаевге милдеттендирилди. Белгиленген өлчөмдөгү айлык акы төлөө менен бул кызматтын функционалдык милдетин аткаруу 2022-жылдын 1-январына тартып башталат.
-Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 28-июлундагы “Кыргыз-тажик чек ара чатагында каза болгон жоокерлердин ысымдарын Исфана шаарына караштуу аты жок көчөлөргө ыйгаруу жөнүндөгү” № 5-токтому аткарууга алынып, маркум Юлдашев Бекзоддун ысмын Пулон көчөсүнө ыйгаруу боюнча тийиштүү иш кагаздары госрегистрге жиберилди. Ал эми маркум-жоокер Муминов Равшанбек Мурзахматовичтин ысмын ыйгаруу маселси каралууда, себеби жоокердин ата-энеси менен макулдашуу иштерин жүргүзүү боюнча кошумча убакыт талап кылынууда.
-Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыктары жөнүндөгү” № 3-токтому жетекчиликке алынды. Бүгүнкү күнгө карата билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо 72% түзүп, жалпы 801,3 т. көмүр ташылды. Көмүр боюнча билим берүү мекемелеринде маселе жок. Исфана орто мектединин жылытуу сиситемасы толук бойдон оңдолуп, ишке берилген.
-Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү” № 4-токтому менен бекитилген таблицалык формага ылайык маалымат жергиликтүү тургундарга жеткирүү үчүн аймактык өзүн өзү башкаруу комитеттеринин төрагаларына жана Исфана шаарынын мэриясынын салык кзматкерлерине жеткирилип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылган.
Мэр | Ч.А.Рысов |