Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 3
Исфана шаарынын мэринин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчёту
Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовдун 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө отчётун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовдун 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчёту канаатандырарлык деп табылсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2021-жылдын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин фракция лидерлерине жана туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы №3 токтомуна тиркеме
|
Исфана шаарынын 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында
социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча
ОТЧЁТ
Исфана шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясынын 2021-жылдын 5-февралындагы №1-токтому менен Исфана шаарынын 2021-жылга карата кабыл алынган өнүгүү программасына ылайык шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү багытында бир топ жумуштар аткарылды.
Исфана шаарынын 2021-жылга карата түзүлгөн өнүктүрүү планына киргизилген иш-чаралар боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
1. Ак-Булак айылында таза суу топтомосунун тосмолорун куруу боюнча 369,69 миң сомдук жумуштар аткарылды.
2. Исфана-Баткен автожолундагы “Исфана” жазуусун жаңыдан куруу боюнча сатып алууларга конкурс өткөрүлүп курулуш иштери жүрүүдө. Жалпы суммасы 1300,0 миң сом.
3. Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө боюнча Тайлан айылынын Орто дөң, шаардын Восточная, Жаштык, Пулон, Жаңы Конуш көчөлөрүнө шагыл төшөлүп 1336,7 миң сомдук жумуш аткарылды.
4. Шаардын борбордук көчөлөрүндө чункурларын оңдоо боюнча 666,6 миң сомдук жумуш аткарылды.
5. Калктуу конуштарга трансформатор орнотуу жана элди электр энергиясы менен камсыздоо боюнча 1171,532 миң сомго Чагатай жана Восточная көчөлөрү, Тайлан айылында КТПлар орнотулду.
6. Мурза-Патча айылында электр чубалгыларын тартуу жумуштары 294,688 сомго аткарылды.
7. Шаардын №1 кичи районунуда көп кабаттуу үйлөрдүн алдына 162,137 сомго таштанды таштоочу жай курулду.
8. Инфраструктура багынтадгы көптөгөн маселелерди чечүү, селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарды ыкчам түрдө чечүүнү жолго коюу үчүн шаар мэриясына атайын техника (погрузчик) 4370,0 миң сомго сатып алынды.
9. Чимген айылындагы китепкананын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борбору иштеп баштады. Керектүү жабдуулар жана эмеректери камсыздалып берилди.
10. Голбо айылында Араб өнүктүрүү фондунун эсебинен 275 орундуу мектептин окуу корпусунун курулушу бүткөрүлүп азыркы учурда имараттын ичиндеги жумуштары аткарылууда. Курулуштун жалпы суммасы 65,0 млн сомду түзөт.
11. Жалпы инвестициялык көлөмү 3401,240 миң сомду түзгөн Исфана жаштар борборунун имараты ишке берилди.
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары жана уюштуруу иштери боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аппарат кызматкерлерине тиешелүү болгон иш кагаздары номенклатуранын негизинде жүргүзүлдү, шаар мэриясынын календардык иш планынын долбоору иштелип чыгылды жана бекиттирилди, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Нормативдик укуктук документацияларынын сакталышы системалаштырылды жана тиешелүү кагаздар менен өз убагында камсыздоо иштери такай алынып барылды
Структурага ылайык кызматкерлерди баалоо иштери жүргүзүлдү.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2021-жылдын 6 ай ичинде 94 токтом кабыл алынды, 150 буйрук чыгарылды.
Шаар мэриясы тарабынан жарандардын үй бүлөсүнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу 6847 жаранга, ал эми көзү өткөн 130 жаран тууралуу форма 50 маалымдамасы берилди. 64 чет өлкөлүк жана башка облустун, айылдардын жарандары убактылуу каттоого алынды.
Алты ай ичинде Исфана шаарынын мэринин кабыл алуусунда 290 адам катталды, ошону менен бирге жеке маселелери менен келген 29 жаранга карточка толтурулуп, аткарылышы көзөмөлгө алынды.
Исфана шаар мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 1 статист-экономист, 2 аскердик эсеп кызматкери, 6 айыл башчы, 5 маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер эмгектенишет.
Исфана шаар мэриясында жарандарды иш кагаздары менен камсыз кылуу боюнча 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтар
(таблица 1)
Аткарылуучу иштердин аталышы | 2020-ж. 6 ай | 2021-ж. 6 ай | айырмасы, толуктоолор |
Кабыл алынган токтомдор | 67 | 94 | +27 |
Чыгарылган буйруктар | 149 | 150 | +1 |
Кадрлар боюнча өздүк буйруктар | 43 | 45 | +2 |
Иш сапарына жөнөтүү боюнча буйруктар | 8 | 16 | +8 |
Жарандарга берилген маалымдамалар | 3841 | 6847 | +3006 |
Көзү өткөн жарандарга берилген справка ф-50 | 112 | 130 | +18 |
Убактылуу каттоого алынган жарандар | 50 | 64 | +14 |
Өткөрүлгөн конкурстар | 1 жолу | - | - |
|
|
|
|
Негизги штаттык бирдиктер | 20 (4) | 20 (4) | вакант жок |
ВУС инспекторлору | 2 | 2 | -//- |
АӨӨБКинин төрагалары | 14 | 11 | -//- |
Маданият тармагын тейлөөчү кызматкерлер | 7 | 7 | -//- |
Статист-экономист | 1 | 1 | -//- |
(таблица 2)
№ | Аткарылган иштер | 2020-ж. 6 ай | 2021-ж. 6 ай | айырмасы |
1 | Жогорку органдардан, мекеме, ишкана-лардан келген иш кагаздарынын (токтом, буйрук, кат ж. б.) саны | 969 | 900 | -69 |
2 | Жарандардан келген арыздардын саны | 670 | 1028 | +358 |
3 | Тийиштүү жогорку органдарга, мекеме-ишканаларга, жарандарга жөнөтүлгөн чыгыш иш кагаздардын саны | 653 | 567 | -86 |
Социалдык тармак боюнча:
Исфана шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелерин, шаар мэриясынын калкын 2021-2022- жылдын күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана электр тармактары боюнча иштерди жөнгө салуу максатында 2021-жылдын 2-апрелинде Исфана шаар мэриясынын №80 буйругу кабыл алынган. Ушул буйрук менен 2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды уюштуруу боюнча шаар мэриясынын штабынын курамы жана иш-чаралары бекитилген.
Жогоруда аталган буйруктун негизинде күз-кыш мезгилине даярдык боюнча керектелүүчү көмүрдүн көлөмү ар бир социалдык мекемелер боюнча эсеби такталды. Билим берүү мекемелерин көмүр менен камсыздоо үчүн сатып алууларга конкурс өткөрүү боюнча шаар мэриясынын буйругун негизинде комиссия курамы түзүлгөн. Жалпы суммасы 5,397,400 сомду түзгөн сатып алууларга конкурс өткөрүлдү.
2021-жылдын 16-июнунда өткөрүлгөн конкурска 1 талапкер “Билал Кара-Суу” ЖЧК катышкан. Конкурстун негизиндеги баалар:
- БК маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы - 6000 сомдон,
- БР маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 4100 сомду түзгөн.
Бардыгы болуп 5,171,500 сомго 1129,5 тонна көмүр сатып алууга келишим түзүлгөн. Анын ичинен:
- БК маркасындагы көмүр 284,5 тонна,
- БР маркасындагы көмүр 845,0 тонна.
Ал эми электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу ар бир билим берүү мекемелери жана башка социалдык объекттер боюнча электр энергиясын лимиттери бөлүштүрүлүп бекитилип берилген. Исфана шаар мэриясы жана шаарга караштуу социалдык обьекттердин лимити 2021-жылга жалпы 1268,3 миң кВт болуп Лейлек РЭТ жана Сүлүктү РЭТ ишканалары менен макулдашылып бекитилген.
Социалдык мекемелердин материалдык техникалык базасын чыңдоо жана оңдоп-түздөө иштери боюнча:
- Чимген, Тайлан жана Голбо айылдык китепканалары 99300 сомдук эмеректер менен камсыздалды;
- Д.Жороев атындагы жалпы негизги мектебине эмеректер жана жабдуулар 90200 сомго алынып берилди,
ушул эле мектепке имаратынын абала боюнча техникалык корутунду алуу үчүн инженердик изилдөө кызматына 68800 сом акча каражаты төлөнүп берилди
- Самат атындагы орто мектебинин аймагындагы КТПны оңдоо үчүн 40000 сом акча каражаты жумшалды.
- №1 Гимназия интернатына прожектор жана реле 4000 сом, №4 Гимназия интернатына аристон, суу идиш жана насос 18500 сом, А.Навои атындагы орто мектебине 2 даана насос 20000 сомго, “Жеткинчек” балдар бакчасына жабдуулар жана эмеректер 20500 сомго алынып берилди.
- “Наристе” жана “Арча-Бешик” балдар бакчаларына тамак бышырганга жогорку кубаттуулуктагы камфорка печкалары ар бирине 85,0 миң сомдон алынып берилди. “Алтын-Таажы” балдар бакчасына 11,0 миң сомго темир печка алынып берилди.
Социалдык жактан коргоо боюнча:
1.Исфана шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 70 үй-бүлөгө арызын канааттандыруу максатында 210672 сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
2. Ооган согушунун 20 ардагерлерине 40000сом
3. “Социалдык адилетүүлүктүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата турмуш шарты өтө оор 10 үй бүлөлөрдүн ар бирине 2000 сомдон жалпы суммасы 20000 сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.
4. ЧАЭСтердин майрамына 5 катышуучусуна 3500сомдон 17500сом акчалай жардамдар берилген.
5. Энелер күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 163 баатыр энелердин ар биринин 500сомдон жалпысынан 81500 сом өздүк эсептик счетуна которулуп берилген.
6. Улуу Жеништин 76 жылдыгына карата Исфана шаарынын шаарга караштуу аймактарында жашаган 22 ооруктун ардагерлерине жана согушта курман болгон жоокерлердин 5 жесирлерине 2000 сомдон жалпысынан 54000сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
7. Кыргыз тажик чек арасындагы болгон куралдуу кагылышта өз Мекенин коргоодо баатырларча курман болгон Юлдашев Бекзоддун үй бүлөсүнө 30000 сом акчалай жардам көрсөтүлдү.
8. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 8 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында ар биринин эсебине 3000сомдон жалпысынан 24000 сом которулуп берилген. Ошондой эле «Кулунчак» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборунда тарбияланган 25 балага 12500 сом акча каражаты берилди. Ошондой эле “Биз тынчтыкты каалайбыз”аттуу балдарга майрамдык маанай тартылоо үчүн 7000сом бөлүндү. Жалпысынан балдар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 43500сом акча жумшалды.
9. “Баатыр эне” медаль ээси Сейитмуратова Мавлюда жана “Эне даңкы” медаль менен сыйланган Асатова Атыргүлдөргө ар бирине 1000 сомдон жалпы суммасы 2000 (эки миң) сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.
10. Онкологиялык ооруу менен ооруган 12 атуулга дарыланып келген жол кире чыгымдары документтеринин негизинде 67172 сом төлөнүп берилген.
11. Кургак учук менен ооруган жаран 6 ай ичинде жарандар кайрылган эмес
10. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, көзү ооруган 5 атуулга 21000 сом акчалай жардам берилген.
12. Багуучусун жоготкон 7 үй бүлөгө 14500сом акчалай жардам берилди.
13. Турмуш шарты начар 46 үй-бүлөлөргө 108000 сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
Исфана шаар мэриясынын социалдык коргоо статьясынын эсебинен жалпысынан 499172 (төрт жүз токсон тогуз миң бир жүз жетимиш эки) сом 2021-жылдын жарым жылдыгына карата жумшалды.
Айыл чарба тармагы боюнча:
-2021-жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин жарым жылдык ижара акысы 290 000 сомду түзөт, 2021- жылдын жарым жылдыгына, жалпысынан ижара акы 301100 сом өндүрүлүп алынды.
к/н № | Салык түрү | План 6 ай 2020ж | Факт 6 ай 2020ж | План 6 ай 2021ж | Факт 6 ай 2021ж | Айырма+/- |
|
сумма | |||||||
1 | ижара МКБФ | 224 000 | 246 800 | 290 000 | 301 100 | 11100 | 103,5% |
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 772 га, чоп чабынды жер аянты – 155 га, бак-дарактар - 85 га, жалпысынан 222,0 га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча, алыстыгы, таштактуулугу боюнча берилген жок.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө – 4250- га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 1130 га сугат, 3120 га кайракты түзөт.Мындан 2488 га буудай, 1762 га арпа. Дандык жүгөрү-192 га,картошка- 138 га, жашылча (капуста, бадыраң, помидор, сабиз, чеснок, башка жашылчалар)- 140 га, май өсүмдүктөр -10 га, Эски көп жылдык чөп (беде, эспарцет)- 1314 га, жаңы эгилген беде -244,0 га,аңызга калган жер 382,0 га,питомник-25 га. Бардык пайдаланган жер 6682 га, пайдаланбаган жер 317 га.Бардык айдоо жер – 6999 га.Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2021–жылдын түшумү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 1800-2200 сом, дан сепкич менен себүү –800-1000 сом белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо-2000-2200сом,чөп оруу-800-1000сом,чөп жыйнагыч-800-1000сом, чөп таңгактоо-11-15сом.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64 даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 4 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич (сеялка)-8 даана.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулду.
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып. 2021- жылдын 26-февралында мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү.
Бирок үлүш жер боюнча чечилбеген маселелер көп.
- Исфана шаар мэриясынын айыл чарба бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын саны – 470 даана, оозеки түшкөн арыздар 42 ни түзөт. Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп, чечилип берилүүдө.
Исфана жайыт комитети боюнча:
Исфана жайыт комитети 2011-жылы түзүлүп Исфана шаардык Кенешинин 2011-жылдын 31-мартындагы №3 токтомунун негизинде келишимдин негизинде акт менен 15 651 га жайыт аянты өткөрүлүп берилген. Анын ичинен жазгы күзгү -2907,0 га, жайкы -7100,0 га, кышкы-5644,0 га.
Таш-Кыя-Серпая жайыт участкасындагы сел алып кеткен мал өтүүчү өтмөк жолдор техниканын жардамы менен толтурулуп, жолдор кеңейтилип 12,8 км аралыгы тегизделди, Сметалык суммасы 21,0 миң сом.
Кутчу жайытына баруучу жолдор техниканынын жардамы менен тегизделип, сел алып кетткен жерлер калыбына келтирилди. Сметалык суммасы 97,0 миң сом.
Ак-Булак жайытына баруучу жолдор техниканынын жардамы менен тегизделип, сел алып кетткен жерлер калыбына келтирилди. Сметалык суммасы 15,6 миң сом.
Ала-Тамыр-Чеш-Дөбө жайыт участкасындагы 3,0 км жайыт жолдору грейдирленип, Ала-Тамыр жайыт учаткасындагы скважинанын насосу алмаштырылып, мал суу ичүүгө шарттар түзулүп берилди. Жалпы сметалык баасы 18,1 миң сомду түздү.
Кутчу жайыт участкасындагы Кара-Чангал жайыт жериндеги булактын көздөрү экосковатор менен тазаланып, бузулуп жараксыз абалга келген мал суу ичүүчү ноолор жайыт пайдалануучулардын жардамы менен бетондолуп суу түтүктөрү алмаштырылды.
Сметалык баасы 12,7 миң сом.
Исфана жайыт участкасында колхоз убагында салынган 48 короо жай катталып, жайгашкан. Жайыт участкаларындагы короо жайлар такталып малчылар менен жайытты пайдалануу боюнча иш пландары менен тааныштырылы жайыт пайдалануу графиги менен мал жайытка чыгып турат. Жайыт комитетине түшкөн арыз каттар өз убагында тийиштуу жерлеге жөнөтүлүп, кабыл алынган иш пландар өз убагында аткарылды.
2021-жылдын май айларында чыккан селдин кесепетинен Голбо айылынан чыккан сел жайыт жолдорун, айылдын ички жолдорун ошондой эле проект менен курулган курулманын 200 метр аралыгында суу түтүкчөсүн жараксыз абалга чыгаргандыктан ордуна жаны суу түтүкчөсү жайыт комитетинин эсебинен ордуна коюулду. Суммасы 12 000 сомдук суу түтүкчөсү сатылып алынды. Сметалык суммасы 15,6 сом. АРИСтин проектилеринин алкагында Жайыт комитетине алынган автогрейдер шаар мэриясына тийиштүү жолдорду өз убагында тегиздеп турду. Жайыт комитетинен проект менен 2021-жылдын 16-майындагы табияттын сел кырсыгынан Голбо айылынын Эчки-Башы участкасындагы АРИС проектиси менен бүткөн мал суу ичүүчү ноонун 300 метр аралыгындагы суу түтүкчөлөрүн алып кеткен. Азыркы учурда калыбына келтируу боюнча иш-аракеттер болууда.
2021-жылга кабыл алынган бюджетинин киреше боюнча көрсөткүчтөрү:
Кабыл алынган бюджет 1350695 сом
Аткарылганы 694 000 сом
Анын ичинен 342 000 сом жайыт жыйымдары
Автогрейдердин кызматынан 106 000 сом
Башка максаттардан (Базалык станциядан) 90 000 сом
Исфана шаар мэриясынын бюджетине 113 000 сом өткөрүлдү
Төө-Жайлоо СПАсы боюнча аткарылган иштер:
Төө-Жайлоо Спасынын 2021-жылга карата бюджети 655112 миң сомду түзгөн. Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы менен 2 516 000 м3 сугат суу үчүн келишим түзүлгөн.
2021-жылдын 6 айына карата (май, июнь айларында) алынган суу 693 миң м3, болсо элге жеткирилген 535220 м3 түзүп, 77 % аткарылган. 23% суу жоготууга учураган.
Элге жеткирилген сугат суунун акысы 139157 сом болду. Канал, лотоктордун оңдоого 59000 сом, Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына 5000 сом, эмгек акыга 50000 сом, салык тармагына 7000 сом, кредитке 4000 сом, ар түрдүү чыгымдарга 14000 сарпталган.
Салык тармагы боюнча:
2021-жылдын январь айында 2020-жыл ичинде аткарылган жумуштардын жана жыйналган салыктардын жыйынтыгы чыгарылып 2021-жылга карата Исфана шаар мэриясынын кирешелер бөлүмүнүн жылдык иш планы түзүлдү жана жылдык иш план боюнча салык кызматкерлери менен биргеликте иш алып барылууда.
2021-жылдын 6 айлыгы үчүн жергиликтүү салык боюнча 3579,9 мин сом план түзүлгөн болуп, бул көрсөткүч 3891,6 мин сомго аткарылды пайыз менен алганда 108,7% ды түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2020- жылдын 6 айлыгына салыштырмалуу 22,3 мин сомго аз жыйналган.
Киреше салыгы боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгына карата 17616,8 мин сом план белгиленип бул көрсөткүч 21554,6 мин сомду түздү пайыз менен алганда 122,4 % ды түздү. Ал эми киреше салыгы 2020-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 4511,8 мин сомго ашыкча жыйналды.
Атайын салыктар боюнча 2021-жылдын 6 айлыгында 5291,6 мин сом салык жыйналды, бул салыктын түрү боюнча план 4145,2 мин сомду түзүп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 127,7 % ды түздү . 2020-жылдын алты айлыгына салыштырмалуу 1437,3 мин сомго ашык жыйналды
Ыктыярдуу патент боюнча 2021- жылдын жарым жылдыгына карата 3611,9 мин сом план белгиленип аткарылганы 4135,1 мин сомду түздү 2020-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу 750,3 мин сомго коп жыйналды, пайыз менен алганда 114,5 %ды түздү.
Ал эми милдеттүү патент боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгы үчүн 337,3 мин сом план белгиленип аткарылганы 484,9 мин сомду түздү бул көрсөткүч 2020-жылдын жарым жылдыгына карата 187,7 мин сомго копту түздү, пайыз менен алганда 147,6 %ды түзгөн.
Жер салыктары тамарка, жер үлүш жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгы үчүн 2021-жылдын жарым жылдыгына 2359,8 план белгиленип 2550,1 мин сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 108,1 %ды түздү.
Авто ууна салыгы боюнча 2021-жылдын жарым жылдыгына 927,1 мин сом план белгиленип аткарылганы 941,7 мин сомго аткарылды. Пайыз менен алганда 101,6 %ды түздү. 2020-жылдын жарым жылдыгына салыштырмалуу авто ууна салыгы 11,1 мин сомго аз жыйналган.
Жалпы кирешелердин жыйналуусу боюнча 2021-жылдын 6 айлыгы үчүн 34058,5 мин сом план белгиленип аткарылганы 40645,0 мин сомду түзүүдѳ. Пайыз менен алганда 119,3 % ды түздү. Бул көрсөткүч 2020-жылдын 6 айлыган салыштырмалуу 8819,6 мин сом ашыкчаны түздү.
2021-жылдын өткөн алты айлыгы ичинде салык төлөбөгөн атуулдарга эскертүү берилип салыктар жыйналып Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтурууга арекеттер жасалды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликтее рейдтер уюуштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барылып жакшы көрсөткүчтөр болду. Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу боюнча АӨӨБКнин төрагалары менен тыгыз иш алып барылып элдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү мындан сыркары Милдеттүү жана Ыктыярдуу патенттерди жыйноо боюнча график түзүлүп салык кызматкерлери ар бири өзүнө караштуу участкаларга чыгып патенттерди жыйноо боюнча бир топ иштер аткарылды.
Негизинен бардыгы болуп 2021-жылдын алты айлыгында жергиликтүү салыктар боюнча 3891,6 мин сом жыйналып пайыз менен алганда 108,7% ды түздү.
Аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча:
Исфана шаар мэриясынын аскердик каттоо жана мобилизациялык даярдык боюнча иштери 2021-жылдын 1-жарым жылдыгында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» Мыйзамынын 12, 13, 14 жана 41 беренелерине ылайык шаар мэриясынын эсебиндеги калк жана аймагында жайгашкан мекеме-ишкана, окуу жайлары менен 2021-жылга бекитилген иш планы боюнча алып барылды.
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2003-жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо жөнүндөгү токтомун аткаруу боюнча аскердик эсепке алгачкы каттоого алуу үчүн мэриянын аймагында жайгашкан орто мектептердин жана окуу жайларынын директорлору, аскердик башталгыч тарбия жетекчилери менен бирдикте 2004-жылы төрөлгөн уландардын тизмелери такталды. Уландардын өздүк иш-кагаздары, делолору даярдалып, көрсөтүлгөн график боюнча медициналык комиссияга келүүсү камсыз кылынды. 2020-жылдын 28-февралына чейин 2004-жылы туулган 194 улан жана ар түрдүү себептер менен каттоодон өтпөй калган 2003-жылы туулган 1 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү. Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке каттоого келбей калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Аскерге чакырылуучулардын арасында “КР жарандарынын жалпыга тиешелүү аскерге милдеттүүлүгү ж-дө, аскердик ж-а альтернативдик кызматтар ж-дө” Мыйзамын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырылуучулардын чакыруу мед. комиссияларына келиши жана алардын аскердик жана альтернативдик кызматтарга жөнөтүлүшү боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтүлдү.
Кандайдыр бир себептер менен аскердик эсепке катталбай калган атуулдарды аныктоо иштери АӨӨБК төрагалары жана ИИБнүн аймактык инспекторлору менен бирге жүргүзүлдү.
Лейлек райондук аскер комиссарынын 2020-жылдын 13-январындагы чыгыш № 19-каты боюнча Исфана шаар мэриясы аскердик каттоо инспекторлорунун, аймактык өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин (АӨӨБК) төрагаларынын катышуусунда “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүгү жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр, анын ичинде 21-берене боюнча шаардын жана айылдардын жашоочуларынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Катта көрсөтүлгөн аскердик кызмат өтөбөгөн жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы жарандарды ыктыярдуу мобилизациялык резерв жыйындарына чакыруу иштерине көмөк көрсөтүү менен белгиленген наряд толук аткарылды.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 31 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
Улуу Жеңиш Күнүнүн 76-жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тылдын эмгекчилерин урматтап-сыйлоо боюнча иш-чаралары COVID -19 пандемияга байланыштуу карантин эрежелерин сактоо менен кыскартылган шартта өткөрүлдү.
2021-жылдын март-май айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу учун 536 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 18 чакырылуучу аскердик кызматка, 25 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 18 улан, альтернативдик кызматка 23 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
2021-жылдын 01-январынан 30-июнуна чейин мэриянын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн республикалык бюджеттин эсебине төлөмдөрдү өткөрүү 100%га камсыз кылынып, көрсөтүлгөн тапшырма толук аткарылды. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүгү жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” КР Мыйзамынын 32-беренесинин негизинде коомдук пайдалуу жумуш аткарууга ыктыярдуулугун билдирип, альтернативдик кызматка чакырылган альтернативдик кызматтын кызматчылары тарабынан АӨӨБКнин төрагалары, Лейлек-Тазалык, ММДнин өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө шаардын, айылдардын көчөлөрүн, борбордук стадион, ж.б.коомдук жайларды тазалоо, оңдоо иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар тармагы боюнча:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2021-жылдын атайын кырсыктардын алдын алуу (СПЛМ) иш-мерчемине 2020-жылы Исфана шаар мэриясы тарабынан 13 кооптуу обьектилердин схемалары чийилип, гугл карталары, сүрөттөрү акт жана протоколдору, кайрылуу каттары даярдалып сунушталган. 1. Ак-Тилек участкасынын Каптархана сайынын 350 метр жерин механикалык жактан тазалоо. 2. Тайлан айылындагы Шапкырт сайынын түндүк тарабын 300 метрин механикалык жактан тазалоо. 3. Тайлан айылынын күн батыш тарабындагы сайдын кооптуу жерине 100 даана габион торчо орнотуу. 4. Тайлан сайы менен Шапкырт сайынын кошулган жерине 200 даана габион торчо орнотуу. 5. Исфана-3 айылына караштуу Узун-Сайынын кооптуу жеринин 100 метр аралыгына габион торчо орнотуу. 6. Исфана - 1 айылындагы Исфана сайы менен Узун сайлардын кошулган жеринин кооптуу жээгине 90 даана габион торчо орнотуу. 7. Исфана – 3 айылынын Исфана сайынын кооптуу жээгине 55 даана габион торчо орнотуу. 8. Чимген айылынын Катар-Өрүк участкасынын шагылга толгон сай ичтерин механикалык жактан тазалоо 400 метр аралыгын. 9. Чимген айылынын Катар-Өрүк участкасынын Катар - Өрүк сайынын жээктерине 120 даана габион торчо орнотуу. 10. Голбо айылындагы Төө-Жайлоо сайынын Тумшук участкасынын 400 метр жерин механикалык жактан тазалоо. 11. Узун сай участкасынын 350 метр жерин механикалык тазалоо.
Сунушталган 13 кооптуу обьектилерден, 10 кооптуу обьектилердин атайын кырсыктын алдын алуу долбооруна кирип, бүгүнкү күндө атайын кырсыктардын алуу иш-мерчемдери жер-жерлерде жүрүп жатат. Тайлан айылынын Шапкырт сайынын күн батыш тарабындагы жээгин бекемдөө боюнча 100 даана, Исфана – 3 айылына 55 даана, Узун сай участкасына 100 даана, Нооданек участкасына 200 даана жана Исфана-1 айылына 90 даана габион торчолору Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйругу менен бекитилген. Ошондой эле Голбо, Тайлан жана Чимген айылындагы сайларды механикалык жактан тазалоо боюнча жалпы 1150 метр аралыктагы сай ичи тазаланды. Голбо айылында 400 метр аралыктагы сай ичи механикалык жактан 2 жолу тазаланды.
Исфана шаарынын аймагына үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү нөшөрлөп жааган жамгыр, мөндүрдөн кийин чыккан сел Исфана шаарынын аймагындагы Төө-Жайлоо, Голбо, Каптархана, Тайлан жана Исфана сайларынан сел чыгып, ички чарбалык жолдорду, арыктарды, арыктардын баштарын жана Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдарда жашаган тургундарынын турак үйлөрүнө сел кирүү коркунуч пайда болуп, тамаркаларына, үлүш жерлерине сел кирип, зыян келтирген.
2021-жылдын 8-май күнү сел алган жерлер Исфана шаар мэриясынын ЖК комиссиясы тарабынан болжолдуу чыгымдар иликтенген, сел баскан жерлерге мониторинг жүргүзүлүп, акттар жазылып, КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнө маалымат берилген.
Өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча тийешелүү тапшырмалар өз убагында аткарылды.
Сел алган төмөнкү таза суу куурлары “Исфана таза” муниципалдык ишканасы аркылуу калыбына келтирилип, пайдаланууга берилди.
Ал эми Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдарында 2021-жылдын 8-май күнү келген селден жабыр тарткан авто жолдор, арыктар, арыктардын баштары толугу менен калыбына келтирилди.
Сел жараксыз кылган жерлерди калыбына келтирүү үчүн 2 экскаватор 1 погрузчик, 1 автогрейдер жана 2 камаз техникалары иштеди.
Голбо айылындыгы сел жараксыз кылган Куру Голбонун, Эчки баш участкалырынын авто жолдору, арыктары толугу менен калыбына келтирилип, сел алган сай жээктери бекемделди, өзгөчө кырдаал жоюлду, 1 грейдер 1 эксковатор иштеди.
Тайлан айылынын Нооданек участкасынын тургуну Д. Джураевдин турак үйү кооптуу абалда калган, ошол кооптуу кырдаалды жоюу максатында Исфана шаар мэриясы тарабынан 200 метр жер механикалык жактан тазаланып, тосмо жасалды. Ак-Тилек участкасындагы Исфана-Равахана көпрөөсү селден жабыр тарткан, аталган көпрөө Исфана шаар мэриясы тарабынан 2 жолу ремонттолду. КР ӨКМ тарабынан Каптархана сайынын 400 метр аралыгы механикалык жактан тазаланып тосмо курулду. 1 бульдозер, 2 экскаватор, 2 камаз, 1 погрузчик жана 1автогрейдер иштеп кооптуу кырдаал жоюлду.
Чимген айылынын Кышыл кыштоо участкасындагы чарбалык жолдор сүрүлүп убактылуу сел коркунучунун алды алынды. Чимген айылынын арыгынын башы (Пост ГАИнин төмөн жагы) калыбына келтирилип элдерге суугат суусу берилди. Исфана сайынын шагылга толгон сел жүрүүчү сайларынын 400 метрден ашуун аралыктагы сай жээктери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылып механикалык тазалоо иштери аткарылып, Пост МАИнин алдынан Катар-Өрүк участкасы, элдердин үлүш жерлерине дамбалар жасалды 400метр аралыка. 1 погрузчик, техникасы иштеди.
Самат айылынын Беш-Бала жана Калта-Кол участкасынын ички жолдору оңдолуп, суугат суу арыгы калыбына келтирилип, элге суугат суу берилди.
Мурза-Патча айылындагы сел алган 90 метр аралыктагы арыктардын башы жеке ишкер Сагынбек аркылуу калыбына келтирилип, элге суугат суу берилди.
Исфана – 4 айылынын тургундарына 80 метрден ашык арыктын башы сүрүлүп, элге суугат суу берилди. Узун-Сай участкасындагы сайдын 350 метрден ашуун сел аранын шагылдары тазаланды. КР ӨКМнин эксковатору иштеди.
Исфана-5 айылынын Жаңы-Конуш участкасынын Төө-Жайлоо сайынын 400метрден ашуун жери механикалык жактан тазаланып, тосмо курулду. 1 погрузчик 2 күн иштеди.
Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдарынын айыл башчыларынан келген билдирүү каттарынын жана тургундарынан келген арыз каттарга убагында жооптору берилип, айыл башчылардан келген билдирүү каттар өз убагында канааттандырылды.
Жалпысынан: 1760 (бир миң жети жүз алтымыш) литр күйүүчү май сарпталып, 2 погрузчик, 1 грейдер, 2 иномарка экскаватор, 2 МТЗ экскаватор, жана 3 КаМАЗ, техникалары кызмат кылышты.
Чимген айылынын Шор-Булак сайына тийешелүү документтери (АПУ. АПШ жана топо сьемкалары) Исфана шаар мэриясынын эсебинен даярдалып, даярдалган документтер Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин капиталдык курулуш департаментине жөнөтүлдү. Беш-Бала айылынын Исфана сайына жана Жаны-Конуш участкасынын түндүк тарабына курулуучу сел ара жана Төө-Жайлоо сайларына курулуучу тосмо, дамбаларынын долбоорлору түштүк аймактык мамлекеттик экспертизанын кароосунда турат.
Селден жабыр тарткан жөө адамдар өтүүчү Махалла жана Беш-Бала көпрөөлөрүнүн жана Жаңы-Конуш участкасына курулуучу шпоралардын смета-схемалары түзүлүп, порталга берилген.
Сел арага уруксатсыз тал-теректерди тигип, тосуп алган 10 дөн ашуун тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, атайын эскертүүлөр берилди.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти боюнча:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча жалпы – 10 киши бекитилген: 1 департаменттин башчысы, 1 башкы бухгалтер,1 материалдык бухгалтер, 2 башкы адис, 2 жетектөөчү адис, 1 адис, 1оператор-катчы, 1 завхоз, 1 кароолчу, 1 тазалоочу, 1 айдоочу.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2021-жылга жогорку орган жана мекеме уюмдардан 54 кат, атуулдар тарабынан 460 арыздар түшкөн. Алардан 125 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө 335 арыз ар түрдүү жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жооп берилген.
Комиссия түзүп түшкөн арыздардын негизинде жеринен барып көрүп мыйзам чегинде 21арыз чечилип берилди. 2021-жылда аткарыла турган иш пландар түзүлдү.
Бөлүмдүн негизги аткаруучу функциясы- муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
Муниципалдык менчик департаменти тарабынан 2021-жылдын биринчи кварталында ижара келишимдери түзүлүп, бюджетке акча түшүрүлдү.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан даярдалган иш кагаздары (токтом, тийиштүү республикалык, областтык, райондук мекеме-ишканалардын корутундулары, схемалары, карталары ж.б.) жана аткарылышы көзөмөлгө алынган объектилер:
- Архитектурага АПУ,АПЗ,карта жана корутундуларды даярдап берүү үчүн 75237сом,
- Госрегистрге Гос АКТ, каттоо жана карталарды даярдап берүү үчүн 118195 сом,
- долбоордук документтерди мамэкспертизага 42967 сом;
- “Төө-Жайлоо” СПАсынын кредитинен болгон карызына 255333 сом. (342667 өткөн жылы төлөнгөн);
- Жарыктандыруу учүн электр товарларына 79900 с
- Баннерлер үчүн 161000с
- Технадзордун кызматы үчүн 27000с
- Кызмат автоунаалары үчүн запчасттарды сатып алуу үчүн 127960 с
- Компьютер сатып алуу кызматыга 42000
2021-жылдын 6 айлык ижара боюнча түшкөн кирешелер.
Түрү | план | аткарылды | % |
Ижара акы | 850000 | 213100 | 25% |
Сатуу | 375000 | 1759900 | 469% |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы боюнча:
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасында бүгүнкү күндө 35 кызматкер: анын ичинен 8 жооптуу кызматкер, 7 айдоочу, 7 жүктөөчү жумушчу, 1агроном-багбан, 1 багбан, 6 дворник, 2 электрик, 2 күзөтчү, 1техничка эмгектенет.
«Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы негизинен Исфана шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагын, түнкү жарыктарды жана келишим түзгөн мекеме ишканаларды жеке кожолуктарды тейлеп тазалыкты камсыздайт. Бүгүнкү күндө 10 даана техникасы бар анын ичинен 8 жарактуу 2 жараксыз абалда, жогорудагы техникалардын жардамы менен шаардын тазалыгын камсыздоо, шаардын көчөлөрүнө суу себуу жана гүлдөрдү арчаларды сугаруу, Исфана шаар мэриясы тарабынан даярдап берген баннерлерди илүү, түнкү жарыктардын күйүүсүн, Исфана шаарына караштуу эстеликтерди, жазууларды, борбордогу аялантманы, тунку жарыктарды турбаларын кыраскалоо жагын камсыздап жумуштарын аткакрат. Ошондой эле 2021-жылга 1243 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн мындан сырткары 38 мекеме уюмдар жана коммерциялык түйүндөр менен келишим түзүп, белгиленген график боюнча жумуштар аткарылып күнүнө 3-4 рейс кээбир убакыта 5рейс таштандылар алынып чугууда. Ошондой эле 2021жыл 1-2-кварталга түшкөн кирешеси мекеме ишканалардан 435335 сом ал эми кожолуктардан 389619 сом жалпысы 824504 сомду түзөт. 6 ай ичинде эмгек маянага 2434483 сом, анын ичинен соц фонд 378364 сом, киреше салыгы 143230сом. Андан сырткары күючү майлоочу майларга 324000 сом , тамак ашка 84300 сом, жана электр энергияга 259000 сом, иш сапарына 26300сом авто тетиктерине 30000 сом акча мындан сырткары чыгымдарга 18200сом каражаты жумшалган.
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасы 2021-жылдын 6 ай ичинде 48 арыз кат, Исфана шаарынын мэриясынан жана башка мекеме ишканалардан келип 83 кат катталган
2020-жылдын 6 ай ичинде «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы төмөнкү жумуштарды аткарды:
Кыш мезгилинде Исфана шаарынын ички жолдоруна кар көп жаап тайгак болгон убактарда жол копсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себип турулду. Январь, февраль айларында 2 тонна шлак , 800 кг туз төмөнкү көчөлөргө себилди: Кошмуратова, Манас-Ата, И.Раззаков, Салам-Бава, Торокулбай Ата, А.Азизов, Равакана авто унаа жолуна, Курулуш, СССРдин 60 жылдык, Восточная, К.Кундузов, Тоголок-Молдо жана Э.Эгембердиев көчөлөрүнө. Себилген туз менен шлак материалдарына 8200 сом акча каражаты жумшалган.
Ошондой эле жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатындагы шаарды жашылдандыруу үчүн Исфана шаарынын мэриясына караштуу “Самат” атындагы эс алуу паркына «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан парниктерге гүлдүн уруктары өндүрүлүп, көчөттөрүн парктарга жана борбордогу аянтчага жалпысы 1700 гүл көчөтөрү отургузулду. Ошондой эле «Лейлек-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчулары тарабынан “Самат”эс алуучу паркындагы чөптөр орулуп, таштандылары тазаланып, 2 рейс таштанды алып чыгышкан. Ал эми ишенби, жекшенби күндөрү арчаларга гүлдөргө суулар койулуп турат.
2021-жылдын 6 ай ичинде чыгарылган таштандылар январь ичи 126 рейс, февраль 116 рейс, март 143 рейс апрель 144 рейс, май 132 рейс, июнь 171 рейс таштанды чыгарылган жана мектептерден балдар бакчасынан каттуу жана суюук таштандылар ТБО -832 рейс (3328тона) ЖБО-146 рейс (584 тона) ошондой эле Зил авто унасы шаардын борбор көчөлөрүнө эрте менен жолду тазалоо үчүн 425 рейс (2550 тона) суу себилген жана МТЗ 82/1 экскаватор 349 саат , Газ-52 вышка 300 саат жумуш аткарган ал эми Зил авто уунасы күнүнө эрте менен 3 рейс борбор көчөлөргө суу себип чыгууда ошондой эле унааларга кеткен күйүүчү майлар Дт(салярка)-3540 тонна, Аи-92(бензин) -1210 тона жалпы кеткен жогоруда айтылган акча каражаты 324000 сом 6 айга сарпталган .
Исфана шаарынын көчөлөрү, айылдары түнкү жарыктар менен камсыздалып, ошондой эле Лейлек базарынын түнкү жарыктардын зымдары алмаштырылып, ордуна 400 метр зымдар тартылып, ишке киргизилди.
Мэр | Ч.А. Рысов |