Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 6
«Исфана шаар мэриясынын “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кошо каржылануучу” социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө»
«Исфана шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду таңдоо жана каржылоо жөнүндөгү” Жобого ылайык, үлүштүк гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарына караштуу социалдык объекттер боюнча артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеги, тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы №6 токтомуна тиркеме. |
Үлүштүк гранттардын эсебинен 2022-жылы каржылоого сунушталуучу долбоорлордун
ТИЗМЕСИ
№ | Мекеменин, обьекттин аталышы | Долбоордун аталышы | |
1 | “Талант-Ордо” эс алуу багы | “Талант-Ордо” эс алуу багынын инфраструктурасын жакшыртуу | |
2 | “Барчын” балдар бакчасы | “Барчын” балдар бакчасынын жылытуу системасын оңдоо | |
3 | “Ак-Булак” орто мектеби | “Ак-Булак” орто мектебине кошумча корпус (китепкана) куруу |
Исфана шаарынын вице-мэри: | Якубов М. |
Муниципалдык менчик департаментинин башчысы: | Кадыров Ж. |
Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси: | Хабибуллаев З. |