Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 7
Исфана шаар мэриясынын КАБ нун уставын жана КАБ нун кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын КАБ нун уставын жана КАБ нун кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрага: |
Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы №7 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаар мэриясынын коомдук алдын алуу борборунун уставы
1.Жалпы жоболор
1.Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары -КАБ)-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары-ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жараандардын биргеликте катышуусу максатында Исфана шаар мэриясынын административдик аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
2. КАБнун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Исфана шаар мэриясынын коомдук алдын алуу борбору”.
- расмий тилде: “Общественно-профилактический центр мэрии города Исфана”.
3. КАБнун уюмдаштыруучусу болуп Исфана шаар мэриясы эсептелинет. Шаардык Кеңеште КАБун эсепке алып, каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБу юридикалык жактын коммерциялык эмес уюмдун статусун алууга да укуктуу. Юридикалык жак болгондон кийин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
4. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырылат.
5. КАБнун иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КАБнун юридикалык дареги: Исфана шаары.
7. КАБнун туруктуу иш алып баруучу органынын-Кенешинин юридикалык дареги: Исфана шаары И.Раззаков көчөсү, 10
2. КАБнун максаттары жана милдеттери
8. КАБнун максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бирдиктүү.
9. КАБнун ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууга мыйзам бузууга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомгокаршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү женүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. КАБнун милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете элекетердин көзөмөлсүзкалуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
-шаардын курамына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
-мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды,сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкретүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КАБдын ишин тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан,коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдардын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурларда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча каттышууга жиберүүгө;
- тейлегенаймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө,ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милднттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кенештин жана тиешелүү денгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кенешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары-ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын детектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма мааламат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого;
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат;
15. Шаардын аймагында туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлерин, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотунун, аялдар жана жаштар кенешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, шаардык кенештин депутаттары, кварталдык, турак жай комитеттеринин төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
-КАБдын пландалган иш чаралары жөнүндө маалымат алууга:
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КАБдын уставын сактоого;
- КАБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
-КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КАБдын мүчөсү каза болгондо;
- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21.КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт;
- ушул уставтын талаптарын бузганда;
- жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КАБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясынын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө мурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кенеши (мындан ары -Кенеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кенештин курамы ЖӨБОнун аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кенештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кенештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайлардын жетекчилери, жергиликтүү кенештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук өкүлдөрү кире алышат.
30. Кенештин чечими Кенештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кенештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кенештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КАБдын мүчөлөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтунүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кенеш коомдук башталышта иш алып барат. Кенешке Кенештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кенештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КАБдын Кенешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;
- КАБдын жалпы чогулушунун, Кенештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар;
34. Кенештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кенештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кенештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кенештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кенештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кенештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кенештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кенештин жыйынын Кенештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кенештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кенештин жыйыны эгерде, ага Кенештин мүчөлөрунүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кенештин чечими жыйынга катышкан Кенештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделенет, ага Кенештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коет.
40. Кенештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кенештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнундө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, активдүү коммуникациялык байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КАБды кайра бөлүштүрүү жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жанатолуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3 төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КАБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КАБдын иши төмөндөгүчө булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан;
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КАБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кенеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материладык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
Исфана шаар мэриясынын юристи | Э. Ахматов |
Исфана шаар мэриясынын коомдук алдын алуу борборунун (КАБ) мүчөлөрүнүн курамы.
№ | Фамилиясы, аты | Иштеген жери |
Телефон номери |
1 | Джалилов Абдихамид | Ардагерле кенешинин төрагасы | 0773 76 99 30 |
2 | Байбабаев Камилжон | Аксакалдар соту | 0778 96 48 48 |
3 | Тагаева Чолпонай | Аялдар кенешинин төрайымы | 0777 36 86 32 |
4 | Якубов Мусабек | Вице-мэр | 0779 04 44 14 |
5 | Дуйшеев Равшан | Имам хатиб | 0771 36 21 27 |
6 | Кумарбаев Дастан | 10-бөлүм | 0552 77 89 81 |
7 | Ахматов Ерлан | Юрист-кенешчи, Кенештин катчысы | 0778 65 46 46 |
8 | Саттарова Орозгүл | А.Навои орто мектебинин директору | 0772 60 57 08 |
9 | Максутова Назакат | Маданият үйүнүн директору | 0773 82 42 64 |
10 | Самандарова Тургунай | Ю.А.Гагарин орто мектебинин мугалими | 0770 47 35 95 |
11 | Матураимова Алима | ГСВ | 0772 35 65 61 |
12 | Далиев Элдор | Жаштар кенешинин мүчөсү | 0770 58 93 53 |
13 | Холматов Фарух | Жаштар кенешинин мүчөсү | 0774 55 56 55 |
14 | Муратов Фахриер | Жаштар кенешинин мүчөсү | 0777 01 65 10 |
15 | Султанов Нодирбек | Жаштар кенешинин мүчөсү | 0755 24 06 96 |
16 | Жоошбаев Таир | Исфана шаардык Кенешинин депутаты | 0772 22 22 94 |
17 | Мамытов Пирим | Начальник ИДН | 0500 43 94 94 |
18 | Мурзалиев Омадбек | Исфана орто мектебинин мугалими | 0773 68 44 68 |
19 | Маматкулова Мафтуна | Исфана шаардык Кенешинин депутаты | 0777 79 07 65 |
Исфана шаар мэриясынын юристи | Э. Ахматов |