Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (VI чакырылышы)
2021-жылдын 16-декабры № 8
Исфана жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Исфана жайыт комитетинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Исфана шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин чыгаша бөлүгү бекитилсин.
2. Исфана жайыт комитетине тиешелүү болгон техникалардан түшкөн акча каражаттары, ММД менен түзүлгөн келишимдин негизинде жайыт комитетине 100% кайтарылып берилсин.
3. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2021-жылдын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана жайыт комитетинин башчысы Х.Мамыровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Исфана шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин Муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Т. Сапаев |
| Исфана шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы № 8 токтомуна тиркеме |
Исфана жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин чыгаша бөлүгү
№ | Техникалардын аталышыаталышы | Бирдиктер | Бир жылга көрсөткүчү | Тариф | Жалпы суммасы Сом менен |
1 | Автогрейдер | Мото/саат |
200 мото час |
1897 |
380 000 |
|
|
|
|
|
|
2 | Күйүүчү майларга | литр | 3000 | 53 | 159000 |
3 | Майлоочу майларга | литр | 90 | 230 | 20700 |
4 | Алмаштыруу жана механизимдерге (топлевной фильтр, масленный фильтр,воздушный филтьр) |
сом |
|
|
32500 |
| Орто бөлүктөгү сүрдүргүчкө (нож) |
|
|
| 32000 |
5 | Ондоого жана техникалык жактан тейлөөгө |
|
|
|
15000 |
6 | Машинистин айлык акысы |
|
|
| 72000 |
7 | Амортизация |
|
|
| 23430 |
2 | Айыл чарба техникасы (трактор) | 1 | Атайын шаймандарды сатып алууга (соко, селитра чачүүчү) |
сом |
120 000 |
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы |
|
|
| 500000 |
|
|
|
|
|
|
Жайыт комитетинин төрагасы:- | Х.А.Мамыров |