Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

IX чакырылыш кезексиз XII сессия

 

2021-жылдын 29-декабры № 2

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги эскилиги жеткен имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө

 

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.12.2021-ж.чыг.№01-12/1128-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаарынын Ж.Бакиев көчөсүнүн №17 жана жайгашкан №1 М.Бабкин атындагы орто мектебинин эскилиги жеткен 3 (үч) имараттарды бузууга макулдук берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой кѳчѳсүндө жайгашкан №2 кирпич заводунун пайдаланууга жараксыз болгон муниципалдык имараттарын бузууга макулдук берилсин.

3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына имараттарды бузууда курулуш материалдарын жарактуу чыгарууга көзөмөл жүргүзүү жүктөлсүн.

4. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) имараттарды бузуу жана бузуудан чыккан материалдарын аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн. Имараттарды бузууда окуучулардын коопсуздугун сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Н. Орозбаев