Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021–жылдын 21-декабры № 1/2
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Кербен шаардык кеӊешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу максатында, эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрында № 2 протоколуна ылайык жана «КР Жергиликтүү мамлекеттик адмиинистрация жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 8-пункчасына негиз, Кербен шаардык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаардык кеӊешинин эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрындагы Кербен шаардык кеӊешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары жөнүндө» № 2 протоколу бекитилсин.
2. Кербен шаардык Кеӊешинин депутаты Өмүралиев Жеӊишбек Кубатбекович - Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы кызматына шайланды, - деп эсептелинсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
Кербен шаардык кеңешинин төрагасы | К. Досалиев |
|