Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021–жылдын 28-декабры № 2/2
2022-жылга Кербен шаардык кеӊешинин иш-планы жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, 2022-жылга Кербен шаардык кеӊешинин иш-планын кабыл алуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-
Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
Кербен шаардык кеңешинин төрагасы | Ж. Өмүралиев |
Кербен шаардык Кеӊешинин 2021-
жылдын 28-декабрындагы № 2/2 токтому
менен бекитилген
2022-жылга Кербен шаардык Кеңешинин
ИШ – ПЛАНЫ
I квартал
1. 2021-жылда Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө.
2. 2021-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
3. 2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чаралары жөнүндө
4. 2022-жылга Кербен шаарынын бюджети жөнүндө
II квартал
Жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана дем алуу жайларынын, парктардын, спорттук курулмалардын иштерин камсыз кылуу жөнүндө.
III квартал
1.Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.
IV квартал
Муниципалдык менчикти башкаруунун абалы жөнүндө.
Кербен шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Д.Алиев |