Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жыл 11-октябры № 5/1
Муниципалдык менчикте турган жер участокторун пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жер Кодекси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №46 мыйзамы менен күчүнө кирген Жер Кодексинин 25-статьясынын 2-пунктунун негизинде жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Ала-Бука-Чаткал 1977-биримдиги коомдук бирикмесинин төрагасы У.Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз Vсессиясы токтом кылат:
1. Р.Абдысаматова орто мектебинин күн батыш тарабынан Ала-Бука-Чаткал 1977-биримдиги коомдук бирикмесине ажыратылып берилген 0,50га жер тилкесине 0,10га жер тилкесин кошуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кошуп берилген жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын талаптарына ылайык бүтүрүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |