Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жыл 11-октябры № 5/2
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2 бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын жана айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 10-октябрында чыгарган корутундусунун негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз Vсессиясы токтом кылат:
1.Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше салыгынан 2000,0 миң сом, ыктыярдуу патент салыгынан 1000,0 мин сом, тоо кен ишканаларынын лицензияларынан 200,0 миң сом ашыкча түшкөн жалпы суммасы 3200,0 миң сом акча каражатынын эсебинен төмөндөгү иштерди аткарууга макулдук берилсин:
- Ала-Бука айыл аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга реабилитациялык кызмат көргөзүү борборун курууга долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 300,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Ала-Бука айылынын Жаштык жамаатынан балдар бакчасын уюштуруу үчүн сатып алынган имараттын капиталдык оңдоосунун долбоордук сметалык документтерин даярдоо үчүн 350,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Ала-Бука айылынын Р.Абдысаматова орто мектебинин күн батыш тарабына Ала-Бука-Чаткал 1977 биримдиги коомдук бирикмеси тарабынан курулуп жаткан мечеттин электр чордону менен электр чубалгыларын орнотуу үчүн 350,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Достук айылынын Откорма участкасына электр чубалгыларын орнотуу үчүн 498,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Достук айылынын Атамат-Ата жамаатына электр чубалгыларын орнотуу үчүн 502,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Айыл аймагындагы жолдорго шагыл төгүп иретке келтирүү үчүн 1200,0 миң сом акча каражаты 2512-беренесине которулуп каржылансын.
2. Макулдук берилген акча каражаттары менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге жана долбоордук сметалык документтерин даярдоо жер адисинин милдетин аткаруучу Т.Ашировго милдеттендирилсин.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитетине жана өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |