Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жыл 19-ноябры № 7/4
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2 бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын жана айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 18-ноябрында чыгарган корутундусунун негизинде Ала-Бука айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 9 айында аткарылган бюджетинин аткарылышын карап жана талкуулап чыгып Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1.Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга карата бекитилген бюджетинин ыктыярдуу патент салыгынан 500,0 миң сом, лицензияны кармоого берилген укук үчун төлөөдөн 1200,0 миң сом, жайыттардан алынуучу төлөөлөрдөн 90,0 миң сом, КБФ жерлеринен алынуучу ижара акыдан 400,0 миң сом, алкагол азыктарын өндүрүү үчүн лицензия алуудан түшкөн төлөм 275,0 миң сом, муниципалдык мүлктөрдүн ижарасынан алынуучу акыдан ашыкча түшкөн 100,0 миң сом, электр энергиясынан үнөмдөлгөн 1000,0 миң сом жалпы суммасы 3565,0 миң сом акча каражатынын эсебинен төмөндөгү иштерди аткарууга макулдук берилсин:
- Р.Абдысаматова орто мектебинин эскилиги жеткен эшик терезелерин жаңы пластик эшик терезелерге алмаштырып орнотуу үчүн 845,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Жылдызча балдар бакчасынын эскилиги жеткен эшик терезелерин жаңы пластик эшик терезелерге алмаштырып орнотуу үчүн 450,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Ала-Бука техкызмат муниципалдык ишканасына экскаватор атайын техникасын сатып алуу үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты 3112-беренесине которулуп каржылансын;
- Ала-Бука айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын капиталдык оңдоп түзөө иштери үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты 3111-беренесине которулуп каржылансын;
- Конференция өткөрүлүүчү бөлмөгө эмеректерди сатып алуу үчүн 300,0 миң сом акча каражаты 3112-беренесине которулуп каржылансын;
2. Макулдук берилген акча каражаттары менен камсыз кылуу ФЭБ башчысы А.Назаралиевге милдеттендирилсин.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комитетине жана өндүрүш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |