ТоктомКүчүндө

Ала-Бука айылдык кеңешинин 2021-жыл 19-ноябрындагы № 7/5 «Жергиликтүү бюджеттин планына негизсиз кирип калган салыктардын түрлөрүн кыскартуу жөнүндө» токтому

Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жыл 19-ноябры № 7/5

Жергиликтүү бюджеттин планына негизсиз кирип калган салыктардын түрлөрүн кыскартуу жөнүндө

 

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана финансылык тартипти бекемдөө максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине таянып, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башкы адиси С.Кудайбердиевдин билидрүүсүн угуп жана талкуулап Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы  токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин планына негизсиз кирип калган салыктардын түрлөрү тиркемесине ылайык кыскартылсын (тиркеме тиркелет).

2.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.