Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жыл 19-ноябры № 7/6
Муниципалдык менчиктеги бала бакчанын оңдоп түзөө иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат
1. Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүнөн бала бакча кылуу үчун сатып алынган имаратты оңдоп түзөө үчүн, Республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) грантынын эсебинен каржылоого макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу акча каражаты менен камсыз кылуу, айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |