Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жыл 14-декабры № 8/2
Ала-Бука айыл өкмөтүнүн бюджетинин 11 айлык сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүмчөсүнүн негизинде жана айылдык кеңешинин финансы, бюджет, инвестиция жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 13-декабрындагы отурумунун корутундусуна ылайык, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен 11ай ичинде иштетилбей калган 2215-беренсиндеги 150,0 (жүз элүү миң) сом акча каражаты кыскартылып, 2512-беренесине, 2231-беренесиндеги 32,0 (отуз эки миң) сом акча каражаты кыскартылып, 2221-беренесине кошуп берилсин.
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |