СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2021-жылдын 10-ноябры № 27
Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Айгүл-Таш башталгыч мектебинин директору Полотов Бердиярдын билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Айгүл-Таш башталгыч мектебинин актовый залын оңдоп түзөө үчүн Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан которулган 80 200 сом (сексен миң эки жүз) акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Айгүл-Таш башталгыч мектебинин директору Полотов Бердиярдын билдирүүсүн окуп жана талкуулап
Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы
токтом кылат:
- Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан которулган 80 200 сом (сексен миң эки жүз) акча каражаты Айгүл-Таш башталгыч мектебинин актовый залын оңдоп түзөө үчүн бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Сыдыковго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Бөрүев |