СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 30
Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылындагы клубдун атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы № 488 токтомун жетекчиликке алып, Апкан айылынын элдик жыйындын протоколунун №1 чечиминин негизинде Суу-Башы айылдык Кеңешинин
VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы токтом кылат:
- Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылындагы клубдун аты
“Апкан машыгуу залы” деп өзгөрүлсүн.
- Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |