Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IХ сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 28
Сүлүктү шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын” аткарылышы жөнүндө
Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси А.Ибрагимовдун Сүлүктү шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын” аткарылышы жөнүндө маалыматын жана шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.11.2015 №790 токтомунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси А.Ибрагимовдун Сүлүктү шаарынын саламаттыкты сактоо тармагында “Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын” аткарылышы жөнүндө маалыматы кабыл алынсын
2. Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунун жетекчиси А.Ибрагимовго:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө калктын жана медицина кызматкерлеринин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бекер жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашыруу камсыз кылынсын
- Бейтаптарга көрсөтүлүүчү шашылыш медициналык жардам кызматын анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо сапаты жакшыртылсын жана тийиштүү мыйзамдарда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келтирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик тил, каада салт, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
К. Мадамидов |