СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IХ сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 29
Сүлүктү шаарындагы Т.Ибрагимов көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Слүктү шаарынын 2021-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарындагы Т.Ибрагимов көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун (21%) өздүк салым 791025 ( жети жүз токсон бир миӊ жыйрма беш) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюдждетинин эсебинен каржылануу үчун 2022-жылдын бюджетине киргизилсин
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
К. Мадамидов |