СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IХ сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 32
Сүлүктү шаарындагы Макаевка көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Слүктү шаарынын 2021-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сүлүктү шаарындагы Макаевка көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун (16%) өздүк салым 566949 (беш жүз алтымыш алты миӊ тогуз жүз кырк тогуз) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюдждетинин эсебинен каржылануу үчун 2022-жылдын бюджетине киргизилсин
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К. Мадамидов |